Menu

Биз агайыбыз менен сыймыктанабыз…

Бөлүшүү:

Бүгүн маалымат булактары болуп көрбөгөндөй өнүгүп жаткан кез. Адаттагыдай социалдык тармактарды карап олтуруп, өзүм иштеген мекеменин жетекчиси, Ош мамлекеттик университетинин ректору, профессор Каныбек Абдуваситович Исаковдун келе жаткан жаңы окуу жылына карата кайрылуусуна көзүм түшүп калды. Албетте, учурда баары интернет булактарынан маалыматты окушат. Анын сыңары, өзүмдү студенттердин ордуна коюп, бир сыйра толкунданып алдым да, жетекчибиздин иш билгилиги, жамаат, студенттер менен болгон мамилесине ичим жибип олтурду. Мен ал кишиден барып интервью алууну же болбосо маектешүүнү деле ойлогон жокмун, аздыр-көптүр агайыбызды билем, тааныйм, ал эми жасап жаткан иштери мага гана эмес, баарына эле маалым эмеспи.

Каныбек Абдуваситович Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясын аяктаган. Ал студент кезинен эле бардык ишке активдүү катышып, башкаларга үлгү болчу. Айтар сөздү кынаптап сүйлөп, жанындагыларды да жакшы ойлор менен кандайдыр ишке жетелеп кетчү. Айлана-чөйрөсүндө дайыма дилгир, аракетчил, демилгелүү жаштардын жүргөнүн көрөт элек. Мына ошол жаш кезинен калыптанган лидерлик сапаты бардык жерде пайдасын тийгизип, жалаң гана ийгиликтерди алып келет. Ош мамлекеттик университетинде мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча ректордун орун басары болуп иштеп, университет бул жаатта болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Андан кийин агайыбыз Ош гуманитардык педагогикалык институтунда ректор кызматында эмгектенип, ал жердеги жамааттын алкышына, батасына ээ болгон. Анткени, ал жерде да коллектив менен кантип иштөөнү, окуу жайды ар тараптуу көтөрүүнү ойлоп, көптөгөн максаттарды ишке ашырган. Учурда ал окуу жай да мыкты окуу жайлардын катарына кирет.

Каныбек агай — жөнөкөй, бирок мыкты үй-бүлөнүн баласы

Каныбек агай өзү тууралуу мындай дейт: “1969-жылы 4-июнда Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылында туулгам. Балалыгым социалисттик турмуштун кызып турган мезгилине туш келди. Ноокат тамекинин мекени эмес беле. Аз алганы 50–60 сотых, айрымдары 1–2 гектардан алып, тамеки иштетет эле. Биздин балалыгыбыз тамеки эгүү, сугаруу, чабуу, үзүү, тизүү, илүү менен өттү. Эртең менен 6да башталган жумуш кайра таңкы саат 2ге чейин созулчу. Өмүр бою тамекинин арасында өтөмбү деп да ойлойт элем. 4–5-класстарга барганда көркөм адабияттарга болгон кызыгуум пайда болду. Билимге ыктап, адабиятка болгон сүйүүмдүн ойгонушуна азыр ойлосом Шамшы деген чоң атабыздын кыштын узак түндөрүндө айылдын аксакалдарын чогултуп, курут атала берип, аларга “Манас”, “Курманбек” эпосторун мага күн сайын окуткандыгы себеп болгон окшойт. Тамекиден тажаганда акырын туруп, үйдүн чатырына чыгып, чөпкө жашынып алып китеп окучумун. Чатырдын ар жеринде менин китепканаларым боло турган. К. Жантөшевдин «Каныбек» романын дал ошол «китепканада» окугам. Азыркы китепканалардын сонун шарттарын менин «китепканаларыма» салыштырып, ойго батам. Окуй эле бериш керек мындай жерде. Канчалык шарт түзүлгөн сайын адам баласы жалкоо болуп калат окшобойбу. Тамекиден баш көтөрбөй күн өткөн кездерде китеп окуу мен үчүн чексиз бакыттай туюлчу…” (“Ош шамы” гезитинен алынды) Андан башка, Каныбек Абуваситович тарбияны атасынан алгандыгын, мээнетти сүйүүгө, эл менен бирге болуп, анын жүгүн аркалоого үйрөткөндүгүн айтат. Атасы да ошол мезгилде бригадир болуп, талаалап жүрүп, үй бетин көрбөй калгандыгын, талыкпас эмгекчилдигин эскерет. Ал эми агайдын апасы балдарды тарбиялоону өз колуна алып, жети баланы адал эмгек менен жашоону, ата кадырын билүүнү, улууларды сыйлоону үйрөткөндүгүн айтып келет.

Каныбек Абдуваситович менен университет болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишти

Ошентип, агайыбыздын уюштургучтугу, иш билгилиги менен окуу жайыбыз болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишти. Окуу жайыбыз бир нече жаңы имараттар менен толукталып, заманбап технологиялар менен камсыздалды. Агайыбыз шайлангандан берки университеттеги жетишкендиктерди санап олтурсак, кеп учугу жетчүдөй эмес. Биз анын саамалыгы менен 2017–2018-окуу жылына карата гана жетишкен айрым гана ийгиликтерин айталы:

  • Кыргыз Республикасынын Президентинин 30-августтагы Указынын негизинде Кыргызстандын социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн Ош мамлекеттик университети “Даңк” ордени менен сыйланды.
  • Испаниянын Кадис университети менен биргеликте Кыргыз-Европа факультети ачылды.
  • Заман талабына шайкеш келген адистерди даярдоону максат кылган IT академия, Киноакадемия ачылды.
  • 1-декабрь күнү ОшМУда “Бирдиктүү терезе” долбоору ишке кирди. Бул долбоор бүтүрүүчүлөрүбүздүн диплом алуу процессин жеңилдетип, убактысын үнөмдөөсүнө шарт түзүлдү.
  • 12-декабрь күнү Кытайдын Сиань шаарында Дүйнөдөгү Конфуций институттарынын салтанаттуу жыйынында ОшМУнун билим берүүдөгү ийгиликтери эң мыкты деп таанылып, Алтын медаль ыйгарылды. Ал эми ОшМУнун ректоруна Кытай өкмөтүнүн вице-премьери “Эң мыкты ректор” деген эл аралык сыйлык тапшырды.
  • ОшМУ Казакстандын НААР эл аралык агенттиги тарабынан өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун көз карандысыз рейтинги‑2018” изилдөөсүнүн Генералдык рейтингинде биринчи орунга ээ болду. Университет институционалдык аккредитациядан ийгиликтүү өтүп, 5 жылга ишмердүүлүк жүргүзүүгө сертификат алды.
  • Экономика, менеджмент, юриспруденция, лингвистика, теология, социалдык иштер жана дизайн багыттары боюнча 10 бакалавриат, 7 магистрдик программаларды EdNet аркылуу көз карандысыз аккредитациядан өттү. Атайын орто билим берүү боюнча дагы ондогон адистиктер көз карандысыз аккредитациядан өтүштү.
  • Тамашоунун 10-сезонунда ОшМУнун “Ошингтон” командасы чемпиондукту жеңип алды.
  • “Билим” лицейинин бүтүрүүчүсү Амиракулов Акназар жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 219 упай топтоп, Алтын сертификатка ээ болду.
  • ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети тарабынан “Жогорку окуу жайдагы туруктуу өнүгүү” аттуу эл аралык илимий конференция болуп, ага Англиядан, Нигериядан, Индиядан жана Өзбекстандан окумуштуулар катышышты.
  • “Этнопедагогика — заманбап социумдагы этномаданий дөөлөттөрдү сактоонун фактору катары” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өз деңгээлинде өттү.
  • Ош мамлекеттик университети менен Андижан мамлекеттик медициналык институту биргеликте уюштурган “Фергана өрөөнүндөгү жана Тянь-Шань, Памир аймактарындагы климатогеографиялык шарттын өзгөрүүсүндөгү эпидемиология, потогенез жана саногенез ооруларынын абалы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция уюшкандыкта өттү.
  • Эл аралык мамилелер артып, Фергана, Андижан, Наманган, Ходженттеги 7 университет менен байланыш бекемделди. Чехиянын Плзень университети, Прагадагы Агрардык университет, Кытайдагы Цинхуа, Пекин Чет тилдер университети, Испаниянын Кадис, Германиянын Йена, Гумбольд университеттери, Индия, Румыния, Хорватия, Корея, Япония, Малайзиянын университеттери, Туркиянын Ардахан, Кастамону университеттери, Россия, Казакстандын, Европанын университеттери менен өз ара кызматташуунун натыйжасында 500дөй студент, 200дөй окутуучу сырткы мобилдүүлүктөн өтүп келишти.
  • Инвестиция тартуу боюнча бир топ долбоорлор быйылкы жылы түшүмүн берет. (Маалыматтар К. Исаковдун кайрылуусунан кыскартылып алынды)
  • Мындан башка спорт, медицина, экономика, ички, сырткы мобилдүүлүк ж. б. у. с. жаатта да айтылбаган ийгиликтер толтура десем жаңылышпаймын.

Каныбек Исаков — студенттердин жакын агасы, атасы жана жол көрсөткүч кеңешчиси

Окуу жайга студенттер билим алууга келишет. Албетте, Ош мамлекеттик университети бардык абитуриенттерге эшигин кең ачып, жылуу тосуп алат. Ошентсе да, жетекчинин келген студенттерге камкордугу өзгөчө болсо, анда ал жерде жаштардын ачылбаган таланттары, мүмкүнчүлүктөрү ачылат эмеспи. Мындай иште Каныбек агай чыныгы психолог, мотиватор, бир сөз менен айтканда ар бир студентке ага да, ата да, кеңешчи да боло алат. ОшМУнун канчалаган студенттери бийик мүмкүнчүлүктөргө жетишти, алардын зор максаттарга жетишине агайыбыздын салымы чоң. Алардын баарын санап отуруунун да кажети жок. Агай ар бир чыгармачыл, жөндөмү бар инсандарга колунан келишинче жардам берип, алардын келечегин алыстан көрө билип, мүмкүн болушунча ийгиликтин эшигин аларга ачып берүүгө камкордук көрөт. “Фейсбук” тармагында эле агайдын баракчасына кирсең эмне деген гана жылуу сөздөр айтылбаган. Аны да бир күн талдай турган күн келер.

Президент Сооронбай Жээнбеков Каныбек Абдуваситовичке жана ал жетектеген жамаатка ыраазычылык билдирди

Макалабыздын башында окуу жайга курулган имараттар тууралуу сөз кылдык эле. Мына ошондой саамалык быйылкы жылдын 16-августунда болуп өттү. Окуу жайдын искусство жана Эл аралык мамилелер факультетинин ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков катышып, куттуктоо сөзү менен салтанатты ачып берди. Ал өз сөзүндө: “Сиздердин университет облустук борбордо жайгашканы менен азыркы күндө өлкөдөгү эң алдыңкы жогорку окуу жайы экендиги талашсыз. Ош шаары билимдин ордосуна айланып баратат. Булар сиздин жамааттын талыкпаган эмгегинин жана туура жетекчиликтин натыйжасы. Бул абдан кубанычтуу кабар, сиздерди ушул ийгиликтериңер менен куттуктаймын!” — деп куттуктоосун билдирди.

Андан башка, өлкө башчысы ректор агайыбызга ушундай ийгиликтерди жаратканы үчүн ыраазычылык билдирип, жамааттын мындай ынтымакта көптөгөн жакшы иштерге жетиши жетекчиден түздөн-түз көз каранды экендигин белгиледи.

Ушундай жылуу сөздөрдү угууга күбө болгон бизге, окутуучуларга, студенттерге жагымдуу маанай туулуп, окуу жайыбыздын өркүндөшүн, өсүшүн тилеп турдук. Агайыбыз менен сыймыктанып, ден соолукта болушун, Жараткан чексиз өмүр тартуулашын кааладык.

Бактыгүл Байтикова

Булак: Ачык сөз

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: