Menu

Башкы байлык – ден-соолук: Көзүбүздү көздүн карегиндей сактайлы

Бөлүшүү:

Каалайбызбы каалабайбызбы, мезгил, учур өзүнүкүн алат. Айыл-чарба, жеңил өнөр-жай дээрлик менчиктештирилип жеке ишкерлердин колуна өттү. Коомдук өнүгүүнүн өзгөрүшү менен билим берүү, саламаттыкты сактоо багытында да жеке менчик мектептер жана медборборлордун болушу кадыресе көрүнүш же болбосо талапка ылайык нерсе болуп калды. Мындай көрүнүш сандан-сапатка карай өнүгүүнү талап кылган учурда өзүнөн-өзү табигый түрдө болуучу нерсе.

Бүгүн биз Кочкор-Ата шаарчасында жайгашкан жеке менчик көз оорулар бөлүмүнүн жетекчиси жогорку категориядагы врач, саламаттыкты сактоонун отличниги Булдуров Курманалы жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Бул медборбордун аты Кыргызстандын түштүк тарабында кеңири таанымал. Булдуровго көрүнөбүз деп, операцияга айлап кезекте тургандардын саны күн санап өсүүдө. Бул макала эки айдан бери кезек күтүп, көзүнүн катарактасына операция жасатып, жарыкчылыкты жаңы көз менен карап калган пациент Жалилов Тажибайдын өтүнүчү менен жазылды:

— Биринчиден ыраазычылык билдирели, экинчиден элге керектүү кишинин эмгегин көпчүлүк билсин дедик. Адамдын органдарынын эң назиги, эң азизи, эң керектүүсү көз да, “миң күндүк бейиштен, бир күндүк жарыкчылык артык дегендей” адамдарга жарыкчылык тартуулаган ушундай врачтардын болушу чоң байлык. Канча адамдар жарыкты көрүп ыраазы болуп кетип жатышат. Мага жакканы бул жерде коррупциянын жоктугу, имараттын тазалыгы, тамактары да мүнөз, шарты жакшы, анан арзан. Майрамсыз, дем алышсыз иштешет, менин кезегим 21-август айт күнүнө туш келип калды эле, болобу-болбойбу деп чоочулагам, майрамга карабай операция жасашты, рахмат, — деп ыраазычылыгын билдирди Тажибай агай.

Дарыланып жаткандардын бири — глаукома диагнозу менен Козубаев Сулайман, атайын алыскы Самарадан бир жылда эки жолу келип дарыланып турат. Буга операция жасаганга болбойт, көздүн тамырлары кургап калбаш үчүн дарыланып туруш керек экен, ал ыраазычылыгын билдирип мындай дейт: “Мага жаккан жери диагнозду туура коёт, коммерция, бизнес жагына ообой, болсо болот, болбосо болбойт дейт, чөнтөккө күч келтирбейт, шарты да жакшы, эң негизгиси врачтын профессионалдуулугу”.

78 жаштагы катаракта менен келген Сыдыков Жаныбек деген аба: — чоң рахмат, операциядан кийин жаш кездегидей көрүп калдым, шарты жакшы, медсестраларга да рахмат, келгенге чейин бозомук болуп, келаткан адам элес болуп турчу, азыр даана так көрүп калдым. Буйруса экинчи көзүмдү да операция жасатам.

Атын алыстан угуп, миң уккандан бир көргөн дегендей, Булдуров Курманалы агайдын өзү менен маектештик:

— 2002-жылдан бери жеке менчик көз оорулар бөлүмүн ачып, башкалар бир, бир жарым ставка менен иштесе, биз шакиртим Жолдошов Талгат экөөбүз тынымсыз, дем алышсыз үч ставка менен иштеп жатабыз. Биз иштеп жаткан имарат 1957-жылы курулган экен. 2001-жылы мөөнөтү бүтүп иштен чыгарылыптыр (списать этилиптир). Ушул имаратты эки жыл арендага алып иштеттик, 2004-жылы приватташтырууга сатууга коюлганда, аукционго катышып утуп, анан сатып алдык. Келишим боюнча эки жылдын ичинде 400 миң сом жумшап, капиталдык ремонт кылышыбыз керек болчу, шартты аткарып, андан сырткары керектүү дагы бир нече бөлмөлөрдү кошумча ылайыкташтырып алдык. 2012-жылы толук капремонт кылып бүтүп, кайрадан лицензия алдык, бирок, дагы деле ремонтту токтотпой жасап жатабыз, каражатыбыздын көбү ушул ремонтко кетет, анан меджабдык алганга жумшайбыз.

Ар бир оорулуу үчүн чуркап, күйүп, күнү-түнү мээнет кылабыз, бизде дем алыш деген жок, ийгиликке жетишкен болсок — ошол эмгегибиздин жыйынтыгы. Республикада жакшы врачтар көп, биз да ошолордон калышпай иштеп келатабыз.

— Көз оорунун кандай түрлөрү бар? Көбүнчө кайсыл оорулар менен кайрылышат?

— Кабыл алууга көбүнчө жаш балдар келишет, аномалия рефракции деп коёт, алыстан же жакындан жакшы көрбөйт, плюс же минус көз айнек тандап берүү керек. Келгендердин 40–50 пайызы ушундай оору менен келишет, болжол менен 15–20 пайызы оор оорулар коньюнктивит, кератит, увеит менен ооругандар кайрылышат, калган 10 пайызы катаракта менен кайрылышат. Операциянын негизги бөлүгүн катаракталар, ошол эле анамалия рефракциялар, склеропластикалар бул минус өсүп кетпеш үчүн көздүн сырткы челине материал коюп калыңдатат, мындан сырткары дакриосиститтер — бул көздүн мурунга кеткен түтүкчөсү жабылып калып, көздөн ириң ага баштайт, операция жолу менен жаңы түтүкчө жасалат. Мындан тышкары кылый көздөргө операция жасап түздөйбүз, анан дагы кабакка пластикалык операция жасалат, мунун дагы түрлөрү бар. Бири сулуулук үчүн жасалат, кээ бирлери оңдоо үчүн жасалат, кирпик көздү көздөй кайрылып өсүп калат, же тескерисинче өйдө карап калат, же кабак салаңдап калат — булардын баары кабакта жасалуучу пластикалык операциялар.

— Жаштар көп кайрылат деп жатасыз, оорунун жашарышынын себеби эмнеде?

— Негизги эле себеби, көзгө нагрузканын түшүшү, азыр компьютерде, телефондо көп отурушат, көз чарчап аргасыздан жакынга ылайыкташып, алысты жакшы көрбөй баштайт, анан очкиге муктаждык пайда болот. Мындан башка инфекциялык көз оорулар, мисалы үйдөн бирөөсү ооруса, калгандарына жуктурбаш үчүн жеке гигиенаны катуу сакташ керек, бизде ушуга көп көңүл коюшпаганы өкүнүчтүү. Ал эми глаукома, катаракталар — булар тукум куучулук жолу менен өтөт.

— Бул кесипке кантип келип калдыңыз?

— Өзүмдүн көзүм ооручу, ошондон улам, өзүмдүн да башкалардын көзүн дарылоо максатында ушул кесипти тандап алгам.

— Мамлекет тарабынан кандай жардамдар бар?

— Мамлекеттин берген жардамы бизди текшерип, контролдоп турат, бул жакшы, өзүбүздү өзүбүз билип кеткенден сактайт. Мамлекеттик больницалар менен тыгыз байланыштабыз, ансыз болбойт. Кыргызстандын врачтары күчтүү, көп иштеп, изденип, мээнет кылып алабыз, чет мамлекеттеги врачтардан калышпайбыз, болгону бизде алдыңкы медициналык жабдыктар жетишсиз. Алар өтө кымбат турат, алганга каражат жетишпейт, эгер мамлекет көп жылдык мөөнөт менен кредитке алып берсе, акырындап төлөп алганга күчүбүз жетет эле. Мамлекет жардам бербесе деле, тынч койсо иштей берет элек.

— Эми ассистентиңиз Талгатка суроо берейин, кандай тандоо менен келип калдың, ишенимге кантип ээ болдуң?

— Мен 7-классымда анамалия рефракция менен келип агайдан дарыланып жакшы болуп кеткем, ошондо врач болом деп тилек кылгам. Мына азыр тилегим ишке ашып, агай менен чогуу иштешип жатам.

— Кесип тандоо жолуңар окшош экен да, билимиңиздерди өркүндөтүү жагы кандай болуп жатат?

— Мен Талгаттан башка төрт шакирт даярдадым, азыр алар ар кай жакта ийгиликтүү иштеп жатышат. Кашыктап топтогон авторитет чачылбаш керек, Талгатты өзүмдүн ордума даярдап жатам, мага пенсияга жакын калды, ушул биз баштаган ишти улантып кеткенге ишеничтүү кадр керек. Талгат ошого жарайт. Республикада болуп жаткан ар кандай жумалык, бир айлык окууларга, овтальмологдордун сьездерине калбай катышып, тажрыйба алмашып турат. Көздүн сыртына жасалчу операциялардын баарын Талгат жасайт, эми ички жагына жасалчу негизги операцияларга даярдап жатабыз.

— Талгат, жаш экенсиң, көп акча табуу үчүн сыртка чыгып иштөө ойлору келип калбайбы?

— Бизге кайрылган клиенттер жетиштүү, биз жасаган операцияларды сыртта, мисалы, Россияда 150 миң сомго жасашат, ошолор бизге келип жасатып кете тургандай кылышыбыз керек. Ал жактагы врачтар биздей эле, айырмасы аларда жакшы, кымбат аппаратуралар бар. Акырындап биз да ошондой медициналык жабдыктарды алып иштөө максаттарыбыз бар. Ал үчүн көп окуп, көп иштеш керек, буйруса Кыргызстанды тааныта турган алдыңкы врачтардын катарында болгонго аракеттенебиз. Тилегибиз, ооругандар аз болсун, оорубаш үчүн кечиктирбей убагында врачтарга кайрылуу керек. Биз өзүбүздүн элге кызмат кылабыз.

— Дагы кандай жылыштар, өзгөрүүлөр бар?

— Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү жетпеген жарандардан бир айда бир-экини бекер операция жасап, соопчулук кылабыз.

Каптама көз айнек — контактный линза деп коёт, бул очки такканды каалабагандарга жасалат, ушуну эки жылдан бери элге жасап берип жатабыз. Шов салынбай жасала турган, тоннельная экстра катаракта, тоннель жасап барып катаракта алынат, көздү тырыштырбай, бат жакшы болот, ушул методду колдонуп жатабыз. Секинден алга кадам таштап баратабыз, албетте, Европадан арттабыз дечи, бирок элдин талабын канааттандыруу аракетиндебиз.

— Коллективиңиз жөнүндө айта кетсеңиз?

— Башкы бухгалтерибиз- Жумабаева Айнура, налогдук кызматтан коюлган, ошонусу жакшы экен, баш оорутпайбыз, баардык эсеп-кысап мыйзам чегинде болот, үч медайымдарыбыз бар, тажрыйбалуу, жакшы иштешет — Камбарова Арзыкан, Сайпидинова Шахноза, Мамадалиева Эмилия, ашпозчубуз — Тойчиева Элмира, кенже кызматкерлер — Коргонбаева Гулмайрам, Салибай кызы Асель, чарба иштери боюнча — Жумабаев Болот. Ушул чакан коллектив менен көп чоң иштерди аткарабыз.

— Акырында окурмандарга айта турган сөзүңүз барбы?

— Элибиз тынч болсун, тапкандарыбыз өзүбүзгө буйрусун, негизги байлык ден соолук болсун, жарыкчылыктын жарыгын көргөзгөн көздү көздүн карегиндей сактайлы!

Зулхабира Ажыматова

Булак: Ачык сөз

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: