Menu

Эдил Байсалов: “КСДПнын Саясый кеңешинин дээрлик жарымы абакта олтурса каяктан жыйын өткөрүшөт? Кимдер катышыптыр, кворум барбы, фотосу кана?

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-августта КСДПнын басма сөз кызматы партиянын Саясый кеңешинин жыйыны болуп өткөнүн, анда партбилеттерди алмаштыруу, мүчөлүк акыларды төлөө жана депутат Кожобек Рыспаевди партиянын катарынан чыгаруу маселелери каралганын билдирген.

Бирок, ал маалыматка дароо реакция берген жаш саясатчы, экс-КСДПчы Эдил Байсалов өзүнүн Твиттердеги баракчасында: “КСДПнын саясый кеңеши жыйын өткөрүп, момундай чечимдерди кабыл алды деп жатышат. Мунун баарына ишенүүгө болбойт. КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөлөрүнүн дээрлик жарымы абакта олтурса каяктан жыйын өткөрүшөт? Кимдер катышыптыр? Кворум барбы? Жок дегенде жыйындын фотосун көргөзө алышабы ?” деген шектенүүсүн жазды.

“Булар баягы белгилүү мультфильмдегидей болуп жатышат: Алмазбек менен Фариддин алдынан эбак эле килемди сууруп кетишкен, булар болсо аңдын четинде сүйлөшүп турушат. Абышкалар, силер аңдан кулап баратасыңар!.. Мындан эки ай мурун мен Сагынбек Абдрахмановдун агитациясына каршы фаридофорум жок дегенде Чүй облусу боюнча райондук жыйындарды өткөрүү аракетин жасайт деп ойлогом.  Андайга да жарашпады. Партия бүт активи менен толук бойдон Атамбаевди таштап кетти. Фариддин координаторлору деморалдашып гана калбастан жаа бою кача башташты. Толук капитуляция. Эл көзүнө күпүлдөп койгонго да жарабайт, эң башкысы ошого эрки да жок. Кожобек Рыспаевди КСДПНын катарынан чыгаруу күлкүнү келтирет. Атамбаев аны өзү “Ар-Намыс” партиясынан тартып алып, КСДПнын тизмесине киргизбеди беле? Аны партиядан чыгаруунун максаты эмне? Ага окшогон партиячылар жайнап жүрбөйбү, анда эмне үчүн мисалы Зулпукаровду чыгарышпайт? Эми Кожобек Рыспаев баарын ачык айта баштаса эмне болот, өздөрү жол ачып коюшпадыбы, мисалы, “Liglass” боюнча…” – деп жазат Эдил Байсалов.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: