Menu

“Коопсуз шаар” боюнча аукцион 4 сентябрьда болот

Бөлүшүү:

Бул тууралуу КР мамлекеттик сатып алуулар расмий сайтында жазылды. Эреже боюнча, сынактык тапшырмаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 4-сентябрга саат 15:00го белгиленген. Ал эми тапшырылчу документтерге өзгөртүү киргизилбеди. Эске салсак, биринчи өткөрүлгөн аукцион техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу жараксыз деп табылган.

Албек Ибраимов 28-октябрга чейин камакта болот

Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн 27-авгуспа баш калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев маалымдады.

Буга чейин райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Аны Жогорку сот күчүндө калтырган.

Мурдагы президент Ал-мазбек Атамбаевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен айыпталып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө караганда, Албек Ибраимов «Дастан” ишканасынын  жетекчиси болуп турганда «270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деп шек саналып жатат. Албек Ибраимов 19-июлда кармалган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Оштон Ташкентке чейин

7-августта эртец менен кыргызстандыктар Сатвалды Хусанов, Зулумбек Хабибуллаев жана Курсанбек Сыдыков Ош-Ташкент багыты боюнча чуркоо марафонун башташты. Бул тууралуу өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгүнүн аппаратынын басма сөз катчысы Айтмат Азамжан уулу билдирди.

Катышуучулардын экөө ардагер – Хусановдун жашы 74тө, Хабибуллаев 69да. Ал эми үчүнчү катышуучу Сыдыков 48де. Марафончулар үчөө тең буга чейин Ош-Бишкек, Бишкек-Ош багыттары боюнча марафондорго катышкан.

Алар бул жолу Ош – Ташкент аралыгындагы 540 чакырымдын 340ын жөө басып өтүшөт. Калган 200 чакырым ашууларга туура келгендиктен автоунаа менен өтүүгө туура келет.

Спортчуларды чек арага чейин Кыргызстандын, андан ары Өзбекстандын коопсуздук күчтөрү коштоп барат. Алардын ден-соолугуна чогуу жүргөн дарыгер такай коз салып турат.

“Достук” марафону Кыргызстан менен Өзбекстандын биримдигин чыңдоону максат кылат. Аны өткөрүүгө «Мол булак» чакан насыя мекемеси, спортту тескеген органдар жана өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү каржылык колдоо көрсөтүүдө.

“Кумтөрдун” келишим шартын кароо кечецдеди

Кыргызстандын өкмөтү канадалык «Центерра» компаниясы менен былтыр кабыл алынган экологиялык стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароонун мөөнөтүн эки айга, тагыраагы 2-ноябрга чейин узартты. «Центерра» компаниясы расмий сайтында аталган макулдашууну аткаруу мөөнөтү узартылганын жарыялады.

Буга чейин өкмөт макулдашууну аткаруу мөөнөтүн 24-августка чейин токтотуп туруу чечиминкабыл алган. Өнөр-жай энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги макулдашуунун шарттарын кайра кароо эмнеге кечеңдеп жатканы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Кыргызстандын өкмөтү быйыл июнь айында 2017-жылдын 11-сентябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков кол койгон экологиялык стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароо ниети бар экенин жарыялаган.

Аталган документке ылайык, «Центерра» жылдык экологиялык төлөмдүн өлчөмүн 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин көтөрүп, жаратылышты коргоо фондуна 50 миллион доллар, онкологиялык борборго 10 миллион доллар которууга макул болгон.

Казылган кенди толтуруу коруна жыл сайын 6 миллион доллардан которуп туруу жагы да макулдашылган. Кыргызстандын өкмөтү анын ордуна 2013-жылы «Центеррага» койгон экологиялык 100 миллион долларлык доодон баш тартмак.

Чечимге ылайык былтыр онкологиялык кызматты колдоого инвестор убада кылган 10 миллион доллардын 7 миллиону которулган.

Кийинки келген Абылгазиевдин өкмөтү «Центерра» менен сүйлөшүүлөрдө кандай жыйынтыкка келгени белгисиз. Ал макулдашуунун шарттарын кайра кароо мөөнөтү эмнеге узартылганы боюнча дагы түшүндүрмө берген жок.

«Кумтор» – Кыргызстандагы эң чоң алтын казуучу компаниялардын бири. Аны жыйырма беш жылдан бери канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетип келет. Андагы Кыргызстандын үлүшү башында 67 пайызды түзгөн, кийин 15 пайызга чейин түшүп, кайра 33 пайызга көтөрүлгөн. Учурда кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 26 пайызды түзөт.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: