Menu

Генерал Суваналиевдин оппозицияга өтүүсүнө канча күн калды?

Бөлүшүү:

Азырынча бийликке радикалдуу түрдө күчтүү оппозиция чыга элек. Бирок, алдын ала маалыматтар боюнча, генерал Өмүрбек Суваналиев «тоңгон музду» биринчилерден жара турганы, ошого катар түндүк-түштүктөн белдүү саясатчылар менен биригери болжонууда. Көшөгө артынан сыпатталгандай, Атамбаев-Суваналиев ымаласы канчалык деңгээлде ишке ашышы мүмкүн?

Эске салсак, бийликке каршы чыгуу же саясый кырдаал чыңалган мезгилдерде Атамбаев өнөктөшү катары Суваналиевге балдарын жөнөтүп, бир кайыкта сүзүү идеясын баштаганы факт. Баса, бир курдай депутат Рыскелди Момбеков «Фабулага» интервью берип, «Аслан Сартбаев экөөбүз 2010-жылдын 7-апрелине чейин Жекшенкуловго, Суваналиевге барып, Атамбаевге кошулууну сунуштаганбыз, тилекке каршы, алар баш тартып коюшкан» деген мааниде айтканы бар. Ооба, ал учурда кырдаал башка болчу, бирок, азыркы саясый процесске кандайдыр бир деңгээлде үндөшөт. Атамбаев кайрадан бийликке каршы чыгуучу бирден-бир чоң саясатчы болууда. Айланасында белдүү фигуралар жокко эсе. 2009-жылы да президенттик шайлоодон кийин кудум азыркыдай абалда болчу, анан эле жарым жылда Бакиевдик режимге каршы турган команда топтой алганын эске алсак, бу саам да жөн калбасы бештен белгилүү. Балким, башкача форматта сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен генерал Суваналиев баштаган бир топ саясый күчтөр менен биригип кетиши ыктымал. Анүчүн жөнөкөй гана баарлашуу, бири-бирин түшүнүшүү жана өткөн-кеткенге кечиримдүү болуу өрнөктөрү аркылуу келечек пландарга карай «бир жакадан баш, бир жеңден кол» чыгарган ынтымак керек болуп жүрбөсүн?

Адатта саясатчылар эртеңки кызыкчылык үчүн кечээгисин жыйыштырып коюшуп, бир пикирге келишерин буга чейин эчен жолу көргөнбүз. Кызыгы, жакынкы аралыктарда «Комиссар Каттани» менен экс-президент жолугушуп, биригүүгө кадам ташташса, анда эле эки анжы болуп турган саясый элитанын көпчүлүгү бул жакка ооп кетишери ажеп эмес.

Акыл Бактыбеков

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: