КСДП депутаты Төрөбай Зулпукаров «Серый кардиналга» айланып баратканын бир курдай эскертип жазган элек. Чындыгында эле бийлик короосундагы саясый оюндарга демдүү аралашканы, Ош шаардык кеңешин тескеп, түштүк регионундагы кадр маселесин чечкени айтыла баштады. Парламентте, өкмөттө дагы сөзү өтүмдүү болуп, кабак-кашы бүркөлгүчө тапшырмалары аткарылып атканын эшиттик. Жакында болсо Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына келечек саясатынан буйрук бергени, эми анын айтканы бир ооздон колдоо таба турганы талкууга түшкөнү кандай? Эл эс алууда жүргөн чакта Төрөбай мырза катуу иштеп, таасирин арттыруу менен көзгө илине баштады. Арты кандай бүтөт болду экен?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ