Элибиз кең пейил, көп нерсени кечире билет эмеспи. Буга чейинки Азиз Суракматовдун «чийкилигине» көпчүлүк нааразы болгону менен үмүт артышып, шанс берип турушат. Бул өңүттө президенттик аппарат да санаркоого баткандай болуп, азырынча сыноого алышканы, «аванс» катары мөөнөт беришкени да байкалууда. Эмнеге Бишкек шаарынын мэри катары дасыккан, далай сыноолордон өткөн, тажрыйбалуу жетекчини тандай албадык? Же атайын артка тартуу саясаты кимдир бирөө үчүн керек беле? Кичине болсо да алдыга умтулууну, өнүгүүнү ойлоп койсок не? Тек гана баш чайкайсың.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ