Буга чейин көптөгөн финансылык иштерге шектелип, «коррупциялык айыптоолор» менен чуулганы бүтпөгөн Икрам Илмияновдун камалбай калганы айтылууда. Тескерисинче, ал өткөн президенттик шайлоодо жаңы шефине ченебей кызмат кылганын эске салып, мындан ары да шайлоолордо бел болуп берерин каңкуулаганы кызык бекен? Бийликке да жең ичинен маселе чечкен Илмияновдой кадр керек болуп атса керек. Учурда Икрам эч нерседен камырабай эле жеңесинин Татарстандагы иштерин жайгарып, өзүнүн да түптөп алган бизнесин өркүндөтүп, саякатчы бака сыңарындай санаасы тынч экен. Анан калса, саясатчылар менен мурдагыдай эле сүйлөшүп, келерки парламенттик шайлоонун машакатына баш оорутуп жатыптыр. Кудай бак айтып койсо, Сокенин да эрке баласына айланары кеп бекен?..
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ