Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК кызматкерлери үчүн курулган жаңы үйдүн батирлеринин ачкычтарын тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери үчүн курулган жаңы турак үйдүн ачылыш аземине катышып, батирлеринин ачкычтарын тапшырды.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн улуу майрам Эгемендүүлүк күнүнүн алдында бул жакшылыкка ортоктош болуп жатканына кубанычта экенин билдирди.

«Улуттук коопсуздук органдары Кыргызстандын ички жана тышкы коопсуздугун камсыз кылып, мамлекетибиздин көз карандысыздыгын жана территориалдык бүтүндүгүн көздүн карегиндей сактап келген», — деп белгиледи Мамлекет башчысы, кызматкерлерди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнүн алдында куттуктап жатып.

Президент Улуттук коопсуздук кызматына дайыма эң жогорку талаптар коюлуп келгенин белгиледи. «Эл аралык терроризмге, уюшкан кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга, баңгизат трафигине, диний экстремизмге, улутчулдукка жана регионализмге каршы күрөш — силердин негизги милдетиңер. Бул багыттагы иш-аракеттерди күчөтүп, ар дайым жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга даяр болуш керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Улуттук коопсуздук комитетинин ишмердиги укук коргоо, сот органдары жана башка мамлекеттик структуралардагы коррупцияга каршы күчөтүлгөн күрөшкө багытталышы керек. Бүгүн коопсуздук органдарында иштөө терең билимди гана эмес, сабырдуулукту жана кайраттуулукту талап кылат. Ар бир кызматкер өзүнүн мекенчилдигин, чынчылдыгын жана акыйкатчылдыгын көрсөтүшү керек», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине социалдык жактан колдоо көрсөтүү уланып жатканын белгиледи. Быйыл жалпысынан 216 батирлүү 4 үй курулуп бүттү. Жылдын аягына чейин 1245 батирлүү 21 үйдүн курулушун аяктоо пландаштырылууда. Ал үйлөр Бишкек шаарында, Баткен, Талас, Жалал-Абад жана башка облустарда курулуп жатат. Бүгүн 81 үй-бүлө квартиралуу болууда. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине көрсөтүлгөн колдоо, социалдык кепилдикке алуунун деңгээли дагы да жогорулайт.

Президент Сооронбай Жээнбеков жаңы салынган үйдүн батирлерин карап чыгып, дагы бир жолу УКМК кызматкерлерин Эгемендүүлүк күнү жана жаңы конушу менен куттуктап, чың ден-соолук, узун өмүр, иштерине ийгиликтерди жана Мекен үчүн каармандык менен кызмат кыла беришин каалады жана ошондой эле балдар аянтчасын куруу үчүн 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: