Menu

Президенттин согушта дайынсыз жоголгон чоң атасынын мүрзөсү Украинадан табылды

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбековдун Экинчи дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сөөгү көмүлгөн жай Украинадан табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” издөө иштерин алып барган “Эрдик-Подвиг” коомдук бирикмесинин жетекчиси Каныбек Мырзаканов билдирди.

Анын айтымында, мамлекет башчы быйыл 8-майда алардын уюмунун негиздөөчүлөрүн кабыл алып, 1941-жылы согушка кеткен чоң атасынын дайын-дареги белгисиз экенин кабарлаган. Бирикме ошондон кийин иликтөө иштерин баштаган.

Натыйжада Орусиянын Коргоо министрлигинин советтик жоокерлеринин базасынан Пирназаров жөнүндө маалыматтар табылган. Документтерге ылайык президенттин чоң атасы 1944-жылдын 27-апрелинде Украинанын Сумск (Сумская) облусунун Конотоп шаарындагы ооруканада каза болгон. Украинанын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу изилдөөчүлөр Жээнбек Пирназаров көмүлгөн бейитти аныкташкан. Украина мүрзөнүн жана эстеликтин сүрөтүн жөнөткөн.

“Эрдик-Подвиг” коомдук бирикмеси бул боюнча президенттик аппаратка билдирүү жөнөткөн. Мекеме өкүлдөрү президенттин чоң атасынын сөөгү көмүлгөн жердин табылышы согушта курман болгондорду издөөгө көмөк берүү шарттарын караган мыйзамдын кабыл алынышына шарт түзөт деп үмүт кылып турушат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында быйыл 9-майда өткөн “Өлбөс полк” акциясына катышып, согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыккан. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга караганда, Пирназаровдун балдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков фронттон жарадар болуп кайткан.

1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германияга каршы күрөшкө 360 миңден ашуун кыргызстандык мобилизацияланган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда согуш ардагерлеринин жалпы саны 470тин тегерегинде.

“Эрдик-Подвиг” уюму 2015-жылы негизделген. Уюм андан бери согушта курман болгон 1612 кыргызстандык жоокердин дайын-дарегин тактаган. Алардын ичинде экс-депутат Бөдөш Мамырованын, коомдук ишмер Топчугүл Шайдуллаеванын, БШКнын учурдагы төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана Эл артисттери Дарика Жалгасынова менен Эсен Нурманбетованын да аталары, чоң аталары бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: