Menu

Видео – Москва – Душанбе каттамынын учагы борттогу чырдан улам аэропортко кайтты

Бөлүшүү:

Орусия тергөө органдары Москва-Душанбе каттамындагы учакта стюардессага кол салган тажикстандыктын видеосун Интернетке жайгаштырышты.

Тергөөнүн маалыматы боюнча учакта чыр салган жаран – 25 жаштагы Давлаткадам Давлаткадамов. Колу-буту скотч менен оролгон киши милиция кызматкерлеринин суроолоруна жооп берип жатып, үй-бүлөсү жок экенин, эч жерде окубай жана иштебей турганын айткан. Видео “Жуковский” аэропортуна кайтып келе жаткан маалда тартылган.

Тажик тарап азырынча бул окуяга комментарий бере элек. Бул арада Орусия Тергөө комитети учакта чыр чыгарган тажик жаранына карата “Бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

29-августта Москва-Душанбе каттамы боюнча бараткан учак борттогу чыр-чатактан улам артка кайтууга мажбур болгон. “Интерфакс” маалымдагандай, жүргүнчүлөрдүн бири өзүн агрессивдүү алып жүргөнүнө байланыштуу борт коштоочу ага эскертүү берген. Тажик жараны креслосунан туруп стюардессаны башка чаап жиберген. Андан соң жүргүнчүлөрдү коркутуп, бортто бомба бар экенин айткан. Абалга баа берген аба кемесинин командири “Жуковский” аэропортуна кайтуу чечимин кабыл алган.

Тергөөчүлөр учакта чыр чыгарган кишини камакка алуу боюнча сотко кайрылат.

Душанбе аэропорту 29-августта болгон окуядан улам “Урал авиалинияларынын” учагы кеч келгенин маалымдады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: