Menu

Кудай Атамбаевге оор сыноолорду берерин, ошого жараша улуу жеңиштерди да ыйгарарын унутпайлы

Бөлүшүү:

«Атамбаев элден чыкты, аны кечирбейбиз, камалсын!» деп жабыла басмырлагандар күчөп баштады. Мындай кыйкыруулар өч алуунун ыргагында кетип аткандай сезилүүдө. Түпкүлүгүндө Атамбаев мамлекетке кыянаттык кылдыбы, же жаратмандык иштерди жасаганбы – бул жагын мезгил таразалайт. Калыстык үчүн белгилейли, азырынча бир жактуу бүтүм чыгаруу эрте.

Эске салсак, Акаев-Бакиев режимдеринде Атамбаев көрбөгөн кордуктарды көрүп, айланасында саналуу гана адамдар калган күндөр болгон. Элге жаманатты кылышып, атургай өлтүрүүгө чейин аракеттенишкен. Ток этери, ал саясаттын оор сыноолоруна сынбай, күрөшүн токтоткон эмес. Ошентип, эки революциянын «моторуна» айланганы, 2005-2010-жылдардагы бийлик алмаштыруулардын  башында болгону факт. Аныгында, Атамбаев Акүйдү алууда башты канжыгага байлап коюп, бар тобокелдикте жашаган…

А азыркы кырдаал кандай? Акаев-Бакиев режимдерине салыштырууга мүмкүн эмес. Бүгүнкү бийлик менен күрөшүү алда канча оңой. Президент Жээнбеков өзүнүн «шинелинен» чыккан адам. Бири-биринин сырларын жатка билишет. Эң башкысы, Атамбаев максатына жетүү жагынан өтө профессиналдуу фигура. Азырынча айлана-тегерегиндеги жакындары камалып, көпчүлүгү сатып кетишсе да, сыр билгизбей турат. Ооба, бута чейинки маалыматтык согуштан бийлик тарап утуп кетти. Учурдагы Алмазбек Шаршеновичтин аксаганы – пиар-идеологиялык уюштуруу иштеринен артта калганы болду. «Форумда» каражат жагынан кеп жок дечи, бирок, бийликтен коркпой батылып күрөшө турган эр жүрөктүк, чыгаан журналисттик ресурстун жоктугу баарын үзгүлтүккө учуратууда. Ири алды, ушул жагынан тылды бекемдешпесе болбойт…

Коомчулуктун көзү жетип тургандай, бийликтин кадр саясаты купулга толбой атканы ачык байкалууда. Элементардык гана мисал: өкмөттү же мэрди эл жактырып аткан жери жок. Кадр саясаты жолго салынбагандан кийин барган сайын катачылыктар кете берери ажеп эмес. Күздөн баштап бийликтин рейтинги дал ушул өңүттөн түшө баштаса, бир жагынан «көкүрөк туюмдагы» түндүк-түштүк жаракасы ырбай бериши мүмкүнбү? Мунун баары Атамбаевдин саясый упайы катары топтоло берет. Каарманыбыздын  электораты бар. Бул маанилүү көрсөткүч. Андан ары той-аштардагы, көчөдөгү бийликке карай нааразычылык сөздөр күчөйт. Эл ичиндеги регионалдык жиктешүүнү кайда катабыз?..

Элитабыздын негизги «оорусун» белгилей өтөлү. Креслодон үмүт кылып атышкан саясатчылардын баарына президент Жээнбеков кызмат бере албайт. Дал ушул жагы таарынычтардын негизги себебине айлануу менен күзгө карай оппозициялык күчтөрдүн алгачкы катмарын түзүүгө шарттайт. Ал эми кандай гана бийликке каршы күчтөр түзүлбөсүн, алардын финансылык куржуну бош. Иш жүзүндө айланып келип эле Атамбаевге көз каранды болушат. «Жарма» кызыкчылыктардын айынан биригүүлөргө аргасыз болушат. Коркунуч дал ушул жерден жаралууда. «Атамбаевди камайбыз» дегендер иш жүзүндө максаттарына жете алышпайт. Мындай кадамга Борбор Азия лидерлери жана Кремль да каршы болушу мүмкүн. Себеби, экс-президентти камакка алуу вазыйпасы биздин чөлкөмдө боло элек. Сырткы күчтөр коркунучтуу «вирусту» жуктуруп албаш үчүн аны болтурбоого кызыкдар…

Ушунда-ай. Натыйжада, Атамбаевдин саясый келечеги али алдыда бекен?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: