Menu

Ташкентте соңку 20 жылда “мыйзамдагы уурулар” биринчи жолу жолукту

Бөлүшүү:

Ташкентте постсоветтик республикалардын “мыйзамдагы уурулары” чогулган. Бул тууралуу өзбек тилдүү “Озодлик” радиосуна криминалдык дүйнөгө жакын эки булак, андан тышкары аларга кызмат өтөгөн айдоочу билдирген.

Криминалдык авторитеттер жөнүндө маалыматтарды иликтеген москвалык талдоочу жолугушуу 20-августта болгонун айтты.

“Өзбекстандын мурдагы президентинин тушунда криминалдык авторитеттердин көбү камалып, бир бөлүгү бийликтин көзөмөлүндө иштеген. Мындай жолугушуу Ташкентте жыйырма жылдан бери биринчи жолу өтүүдө”, –деди москвалык талдоочу.

Булактар маалымдагандай, чогулушка 46 жаштагы өзбекстандык кримавторитет Бахти Ташкенттик аты менен белгилүү Бахтияр Кудратиллаев башчылык кылган. Жолугушуу белгилүү өзбек шоу-бизнес өкүлүнүн үч кабаттуу вилласында болгон.

Жыйналышта Өзбекстан түрмөлөрү менен кылмыш дүйнө көзөмөлүн Орусиянын кримчөйрө өкүлдөрүнө өткөрүп берүү маселеси каралган.

– Акыркы жыйырма жылда Өзбекстан уурулук түшүнүгүнөн алыстап калган. Дээрлик бардык зоналар “кызыл” (криминалдык авторитеттер көзөмөлдөй албаган түрмөлөр кызыл зоналар деп аталат – Ред) болгон. Жыйналыш кезинде Өзбекстан кылмыш дүйнө мүчөлөрү бардык маселени орусиялык кылмыш дүйнө өкүлдөрү менен бирге чечүүнү талкуулашкан. Мындан тышкары Бахти Ташкенттикке анын милдеттери тууралуу эскертишкен. Ал бардык жыйналыштарга катышуусу керек,–деди өз булак.

Ташкенттеги жыйынга “Беслан чечен” аты менен таанымал кримавторитет Беслан Мусаев да катышкан.

Өзбекстан ИИМиндеги өз булак “мыйзамдагы уурулардын” жолугушуусу өзбекстандык жана орусиялык криминалдык дүйнө өкүлдөрүнүн элдешүүсүнөн кабар берет деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: