Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков Базар Базаргуруевди «Данк» медалы менен сыйлоо жана Анарбек Усенкановго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамын ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койду

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Базар Базаргуруев «Даңк» медалы менен сыйланды жана Анарбек Усенкановго «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы ыйгарылды.

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, 2008-жылы Пекиндеги XXIX Олимпиада оюндарынын коло байгесинин ээси Базаргуруев Базар Будажапович дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн «Даңк» медалы менен сыйланды.

Бишкек шаарынын Ленин районунун олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин эркин күрөш бөлүмүнүн улук окутуучу-машыктыруучусу Усенканов Анарбек Адыбаевичке дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, республиканын квалификациялуу спортсмендерин даярдагандыгы үчүн «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы ыйгарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: