Menu

Кыргызстанда 2018-жылдын 3-сентябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI Саммити өтөт

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2018-жылдын 3-сентябрында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI Саммити өтөт.

Саммитке Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун, Азербайжан Президенти Ильхам Алиевдин, Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Түркия Президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу күтүлүүдө.

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан ардактуу мейман катары Саммитке катышышат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча биргелешкен документтерге кол коюлат.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын Саммитине төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өтөт.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 35 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: