Menu

Видео – Гуревич: Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү өлкөдөн $200-300 миллион чыгарып кеткен

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткен. Бул тууралуу кезинде Бакиевдердин финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич “Азаттык” менен маегинде билдирди.

Ал мынча акчанын өлкөдөн чыгарылганы тууралуу жетиштүү далилдер колунда бар экенин, кыргыз өкмөтү менен кызматташууга даярдыгын айтып жатат. Анын соңку маалыматына Бакиевдин үй-бүлөсү азырынча жооп бере элек. Мындан тышкары Евгений Гуревич маегинде апрель окуяларынан кийин өзүнүн башынан өткөн окуялар жана Бакиевдин доорундагы коррупциялык схемалар тууралуу да айтып берди.

“Азаттык”: Апрель ыңкылабынан кийинки бийлик сизге жана Максим Бакиевге өлкөдөн акча чыгарып кеткенсиздер деген айып койгон. 2014-жылы кыргыз соту Соцфонддон 2 миллиард сомдун чыгарылышы боюнча сизди, Максим Бакиевди, Михаил Наделди ар бириңиздерди 25 жылга сыртынан абакка кескен. Өлкөдөн акча чыгарылганбы? Болсо канча жана ким тарабынан?

Евгений Гуревич: Кыргызстандан акча чыгарылганы талашсыз. Алар мен же башка өнөктөштөр тарабынан эмес, Бакиевдердин үй-бүлөсү тарабынан чыгарылып кеткен. Максим Бакиевдер бир топ эле ач көз адамдар экенин түшүнүшүңүздөр керек. Алар өздөрүнүн айланасындагы көп адамдарды эч нерсесиз, керек болсо юристтерди жалдай албагандай абалда калтырып кетишти.

“Азаттык”: Сиз Кыргызстандан акча чыгарылып кеткени талашсыз дедиңиз. Сиздин баамыңызда, болжол менен болсо да, Максим Бакиев тарабынан, же анын кишилери, же Бакиевдер кланы тарабынан канча каражат чыгарылган?

Евгений Гуревич: 200-300 миллион (доллар).

“Азаттык”: Сизде мунун болжолуу далилдери бар да?

Евгений Гуревич: Менде так далилдер бар.

“Азаттык”: Эки жыл мурда “Блумбергде” сиз жөнүндө материал жарыяланган эле. Анда сиз Бакиевдин коррупциялык схемалары тууралуу айткансыз. Өкмөттүк долбоорлордон баштап накталай акча менен берилген пара, мүшөктөргө салынган акчалар жөнүндө сөз болгон. Албетте, Бакиев мындай айыптоолорду негизсиз деп эсептеп келет. Бирок Бакиевдердин убагындагы коррупциялык схемалардын масштабы тууралуу айтып бере аласызбы?

Евгений Гуревич: Коррупциянын масштабы абдан чоң. Эч нерсе менен салыштыра албайм. Себеби бул менин “бизнестин” мындай түрүн көргөн алгачкы жолку тажрыйбам болду. Акыркы жолкусу болду деп үмүттөнөм. Бакиевдин ач көздүгү алардын жакшы идеяларын да жоюп кетти. Аларда жакшы идеялар, жок дегенде рационалдуу идеялар бар эле.

“Азаттык”: Сиз Максим Бакиев атасы президент болуп турганда ар кыл бизнестерге кийлигишкенин айтып өттүңүз. Сиз “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин мүчөсү да болгонсуз. Аэропорттогу америкалык базаны авиакеросин менен камсыз кылуу алигиче талкуу жаратып келет. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Максим Бакиев жана анын жакындары авиабазага май ташуу тармагын көзөмөлдөп турганын, чоң акча жасашканын бир нече жолу айтышкан. Сизге бул тармакта кандай коррупциялык схемалар болгону белгилүүбү? Ал схема 2010-жылдан кийин уланган эмес беле?

Евгений Гуревич: Кийин эмне болгонун билбейм. Максим Бакиевдин “Mina” жана “Red Star” ишканаларында (май ташуу үчүн АКШ менен келишим түзгөн компаниялар – ред.) түздөн-түз жашыруун үлүшү болгонун так билем. АКШнын Конгрессинин иликтөөсү бул фактыны тастыктабаганы мени абдан таң калтырды. Балким алар тастыктагысы келишкен эмес чыгаар. Себеби бул Пентагондун кызыкчылыгында болгон эместир. Эч кимге керексиз чоң чууга алып келиши мүмкүн болгон чыгаар. Айтыш кыйын.

“Азаттык”: Бир нече жыл мурда сиздин Максим Бакиев менен сүйлөшүүңүз жазылган аудио интернетке жарыяланган. Ал бир топ эле ачык, кайсы бир мааниде достордун сүйлөшүүсүндөй сезилген. Сизди угуп жатып, Максим Бакиев же анын үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрү менен азыр байланышпаганыңызды түшүнгөндөй болдум. Өзүңүз ырастап кетесизби, сиз Бакиевдер менен дале байланыштасызбы?

Евгений Гуревич: Мен Макс менен 2012-жылдан бери сүйлөшкөн эмесмин. Америка бийлиги ал мезгилде Бакиевдерге айрым криминалдык дооматтарды койгон. Менин Бакиев менен сүйлөшүүм 2011-жылы мен Минскиден кеткенден кийин болгон. Толугу менен ушуга байланыштуу болгон.

Мен өз күнөөмдү сезгеним талашсыз. Мен жашоодо көп ката кетирдим, бирок Бакиев ким экенин жана менин ач көздүгүм, жеңил акча табайын деген каалоом бардык моралдык-этикалык баалуулуктардан ашып кеткенин түшүнгөндө эң чоң ката кетиргенимди сездим. Ал үчүн жоопкерчиликти сезем.

Эгер Макс Кыргызстандагы иштери үчүн Америкада отуруп калса акыйкаттык орнойт беле, бул кыргыз элине жардам бермек беле, мен аны билбейм. Бирок чыгарылып кеткен каражаттын кайсы бир бөлүгүн биз кайтара алсак, дал ушул нерсе кыргыз элине жардам бермек.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: