Menu

Чех зоопаркындагы мамалакка тажик ысымы берилди

Бөлүшүү:

Чехиянын Глубока-над-Влтавоу шаарындагы зоопаркта күрөң Тянь-Шань аюусунан туулган мамалакка Нохунсафед (Ак тырмак) деген тажик ысымы берилди. Жаныбарга атты “Азаттыктын” тажик сайтынын окурмандары тандаган.

29-августта зоопаркта мамалакка ат коюу аземи өттү. Салтанаттын “күнөөкөрү” жана анын ата-энеси атайын бышырылган торт жешти.

Глубока-над-Влтавоу шаарындагы “Ограда” зоопаркынын зоологу Иван Кубат бардыгы болуп 25 сунуш түшкөнүн, кызматкерлерге Нохунсафед ысымы көбүрөөк жакканын айтты.

Мамалактын ата-энеси Гүл менен Зухра Чехияга Душанбедеги зоопарктан 2015-жылы алып келинген. Алар жоголуп бараткан күрөң аюулардын катарына кирет жана жаныбардын бул түрүнүн Европадагы жалгыз өкүлдөрү болуп эсептелишет.

Гүл бул зоопаркта 2013-жылдан бери жашаган жападан жалгыз Тянь-Шань күрөң аюусу Алтай менен үй-бүлө курган. Алтайды Екатеринбургдан алып келишкен, бирок зоологдор анын “тажик” тамыры бар деп эсептешет.

Чехия аюулардын ордуна Душанбедеги зоопаркка жуп кеңгуруларды берген. Бирок эркеги жер которгондон кийин өлүп калган. Иван Кубат ал стресске кабылган болушу мүмкүн деп эсептейт.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 + = 84

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: