Бостон марафонундагы жардыруу иши боюнча алты жылга соттолгон казакстандык Диас Кадырбаев мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Эми аны Казакстанга депортациялашат. Буга чейин Казакстандын тышкы иштер министрлиги Кадырбаевдин мөөнөтүнөн мурун боштондуккка чыгарын кабарлаган.
2013-жылы 15-апрелде Бостондогу жардырууну кесепетинен эки киши өлүп, 260тан ашууну жаракат алган. Жардыруу үчүн күнөөлүү деп табылган Жохар Царнаев өлүм жазасына тартылган.
Диас Кадырбаев 2015-жылы алты жылга эркинен ажыратылган. Ал ФБР жардырууга Царнаевди шектүү катары эсептеп, сүрөттөрүн таратып аткан учурда жатаканада анын айрым буюмдарын алып чыгып кетүүгө айыпталган.
Казакстандык экинчи студент Азамат Тажаяков үч жарым жылга түрмөгө кесилген. Ал 2016-жылы эркиндикке чыгып, Казакстанга келген. Ал тергөөгө тоскоолдук жаратууга айыпталган.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ