Ашхабаддагы Тажикстан элчилигинин алдында виза үчүн кезекке турган орто жаштагы аял эсин жоготту. “Азаттыктын” түркмөн кызматы аялды “тез жардам” унаасы алып кеткенин, бирок ал жолдо көз жумганын билдирди.
«Ал баласын окууга жөнөтүү үчүн эки аптадан бери кезекте турган. Виза күтүп чарчагандыктан, катуу кыжаалат болуп, оозу-мурдунан кан кеткен», – деди күбөлөрдүн бири.
Соңку күндөрү Ашхабаддагы Тажикстан элчилигинде тажик визасын алууну каалаган жүздөгөн киши чогулууда. Алардын айрымдары 45-49 градус ысыкта визаны жумалап күтүшүүдө.
Түркмөн жаштарынын бир бөлүгү Тажикстанга барып окушат. Көз карандысыз булактардын маалыматы боюнча Тажикстанда билим алган студенттердин саны төрт миңден ашат.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ