Menu

Алманбет Таап теги: «Чала молдолорго баш ийип, чөгөлөбөй, ата-бабанын нарктуу чыйырын таап, өз жолубузду изденели»

Бөлүшүү:

Кыргызга күйгөн, жүрөгү «кыргыз» деп соккон патриот жигиттердин бири Алманбет иним менен «Теңирчи» темасында чакан маек кылдык. Өзү жаш болсо да дүйнө таанымы элден бөлөк, билим парасаты, ой толгоосу бир башкача бу жигиттин айта турган кеби бар экен.

-Алманбет, «Теңирчи» деген термин кайдан чыкты?

– Кыргыздар илгертеден эле өз дүйнө таанымын «кыргызчылык» деп атап келишкен. Аны исламчылыктан жана башка диний-философиялык системалардан айырмалап, ырым-жырым, эмдөө жолдору менен гармониялуу айкалыштыра билишкен. Кийинки учурларда арабдын саясаттуу жолун жолдогон радикалдуу молдолор сырттан келген арам акчага туйтунуп, кыргыздын каада-салттарын, маданиятын жерип, аларды элге жек көргөзө баштады эле, кыргыздын кыраандарынын жаны күйүп, чыркыраган  чындыкты, ак-караны ачык, так айырмалаган туурасын айтып чыгышканда, айласы кеткен молдолор улуу тоонун уул-кыздарын жаман көрсөтүү үчүн амал издене башташкан. Ошентип, булар «Теңирчи» деген терминди таап чыгышты.

– Мунун эмнеси жаман?

– «Теңирчи» деген сөздүн өзөгү жаман эмес. Ал Кудайга кулдук уруп, таазим кылып жашаган биздин байыркы бабалардын дүйнө таанымын туюндурган эле түшүнүк. Бирок, бул арабдын арам акчасына сатылган чала молдолор ошол «Теңирчи» деген сөз аркылуу бабалардын улуу философиясын, терең даанышмандыгын, аруу акылмандыгын жамандоого, мазактоого, бурмалоого жол ачып алышкан. «Теңирчи» термини аркылуу радикалдуу маанайдагы динчилдер кыргызчылыкты секта сыяктуу көрсөтүп салышты.

– «Отко, ташка ж.б. нерселерге сыйынышат» деп атышат го?

– «Ташка, сууга, отко, күнгө, даракка сыйынышат» деп жок жомокту айтып бурмалашты. Ошону айткан дин таратуучулардын өзүнө «отко, ташка, күнгө сыйынган кыргызды көрдүң беле?», «О, от, мени бактылуу кыл!», «О, таш, мага бала бер!» деген сыйынууларын уктуң беле?» деп суроо берсең, аларга жооп бере алышпайт. «Кыргыздардын отко, ташка, күнгө сыйынганын далилдеп бер» десең да, далилдей алышпайт! Айласы кеткенде, дин таратуучулар кыргызга тиешеси жок, айталык, фаллоско сыйынган элдер тууралуу фотоматериалдарды интернеттен таап, аны «Теңирчи» аталган салттуу кыргыздарга жабыштырып, кыргыз элин кылмыштуу мазактоого өтүштү. Себеби, алар кыргызчылыктан кемтик таба алышпай, айлалары кетип турган учуру.

– Радикалдуу маанайдагы динчилдердин көздөгөнү эмне?

– Бул радикалдуу маанайдагы динчилер кыргызчылыктын касиетин түшүнүшпөйт, ааламдын сырын билишпейт, «Манас» баянын тунуп укпайт, жаратылыштын касиетин билишпейт, бул дүйнөнүн жарыгын сезишпейт! Алардын таянганы Куран менен шарият, көздөгөнү тиги дүйнө, бейиш менен эле тозок! Ошол түшүнүктү жаштарга бере берип, жаштардын башы айланып, улуттук ар-намыс, Манас деген рух жана кыргызчылык тууралуу түшүнүмдөрдөн арылып, кыргызга таандык мүнөз жоголуп бара жатат. Байкал көрсөм, аларда араб, жөөт, семит элдерине таандык мүнөздөр калыптанып бара жатат.

– Кыргызды сактап калуунун жолдору барбы? Өзүң курактуу жаштарга эмне кеңеш айтат элең?

– Кыргызды сактап калалы десек, токтоосуз түрдө калктын калың катмарына кыргыз салт-санатын, нарк-насилин, үрп-адатын, ырым-жырымын, санжыра тамырын, тарыхын, Теңир ишенимин толук элге жеткирүү керек! Эгер ушул жүрүш менен кетсек, анда Манастын урпактары маңкуртка айланып, кыргыз эмес «киргиз», киргиз да эмес «шойкомдуу гибрид» болуп кетиши кеп эмес.

Кыргызым! Ошондуктан, чала молдолорго баш ийип, чөгөлөбөй, ата-бабанын нарктуу чыйырын таап, өз жолубузду изденели, мекенчилдерге түздөнөлү!

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: