Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциянынын лидери ким экенин билбегендер четтен чыгат экен, эй! «Ким эле?» дешип… Билбей жүргөндөргө айта кетели, аталган фракциянын лидери Алмаз Баатырбеков деген баатыр. Кадимки Шакинин жакын адамдарынын бири, бизнес өнөктөшү. Бизнесте жүрүп саясатка келген. Учурда бакандай «Кыргызстан» фракциясын тескеп олтурат. «Эмнеге элге көп көрүнбөйт» дегендер жаңылышат. Ал эмне койкоңдоп элге көрүнө бергидей артист беле?! Көрүнбөй эле иштеп атат, билбегенин үйрөнүп атат дегендей. Эми кийинки чакырылыштарда удаасы менен дагы 2 чакырылышка депутат болуп келсе бир топ нерсени үйрөнүп калат деген изги тилегибиз бар.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ