Menu

Кыргызстандын эгемендик алганына 27 жыл толду

Бөлүшүү:

31-августта Кыргызстандын эгемендик алганына 27 жыл толду. Буга байланыштуу Кыргызстандын бардык аймактарында бүгүн майрамдык иш-чаралар белгиленет. Өлкөдө бүгүн дем алыш.

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чаралар болот, салтанат саат 10:00дө расмий ачылат. Шаардын бардык райондорунда оюн-зооктор, концерттер, улуттук оюндар уюштурулат.

Борбор калаадагы салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков, экс-президент Роза Отунбаева, депутаттар, өкмөт мүчөлөрү жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу катыша албай турганын алдын-ала билдирген.

Кыргызстан эгемендикке 1991-жылы жетишкен. Алгачкы президент Аскар Акаев бийликте он беш жыл туруп, үй-бүлөлүк башкаруу режимин орноткону үчүн тактан оодарылган. 2005-жылы анын ордун баскан президент Курманбек Бакиев да ушул эле себеп менен 2010-жылы Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбур болгон.

2010-жылдагы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп турган Роза Отунбаева ошол эле жылы 27-июнда жалпы элдик референдумда мамлекет башчысы болуп дайындалган. Отунбаева бир жылдан кийин президенттикти Алмазбек Атамбаевге өткөрүп берген. Атамбаевден кийин 2017-жылдын 15-октябрында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков шайланган.

Конституцияга ылайык Кыргызстан – демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет болуп саналат.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: