Menu

Нидерландда Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн жарыяланган сынак болбой калды

Бөлүшүү:

Эркиндик оңчул партиясынын лидери, Нидерланд парламентинин депутаты Герт Вилдерс Мухаммед пайгамбардын карикатурасы үчүн жарыяланган сынакты жокко чыгарды.
Вилдерс Твиттердеги баракчасына “Ислам өлүм жана кыйноолор менен кайрадан чыныгы жүзүн көрсөттү. Бирок мекендештеримдин коопсуздугу мен үчүн биринчи орунда турат”, деп жазды.

Сынак ноябрда Эркиндик оңчул партиясынын кеңсесинде өтөрү, жеңүүчү 10 миң доллар алары кабарланган. Нидерланд бийлиги сөз эркиндигине жүйө келтирип, сынакка тыюу салган эмес.

Вилдерстин пландары Пакистанда нааразылыктарды жаратып, демонстранттар сынакты жокко чыгарууну жана Нидерланд элчисин Карачиден чыгарып жиберүүнү талап кылышкан. 28-августта Гаагада Фейсбукта Вилдерсти опузалап билдирүү калтырган жаран кармалган. Нидерланд ТИМ өкүлдөрү Пакистанга боло турган сапарынан баш тартышкан.

Вилдерс исламга каршы билдирүүлөрү үчүн маал-маалы менен коркутуп-үркүтүүгө кабылып келет. Былтыр марттагы шайлоо кампаниясында эгер премьер-министрдин креслосун ээлесе, иммигрант-мусулмандар үчүн чек араны жабарын, Куранды сатууга тыюу саларын, мечиттердин ишин токтоторун убада кылган. Нидерландда калктын беш пайызы – мусулмандар.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: