Орусия Telegram мессенжери менен башка тыюу салынган ресурстарды эффективдүү түрдө жабуу үчүн жаңы технологияларды сыноодо. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Тестрлөө менен ФСБ, Роскомнадзор жана Байланыш министрлигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия алектенүүдө. Reuters агенттигинин маалыматы боюнча жаңы анализ системаларын сыноо жана трафиктерди иргөө боюнча лабораториялык сыноолор 6-августта Реутов шаарында өтөт.
Буга чейин байланыш министринин орун басары Алексей Волин Telegram мессенжерин толугу менен жабуу мүмкүн эмес экенин мойнуна алган.
Москванын Таганск райондук соту 13-апрелде бул түйүндү Орусиянын аймагында жабууну чечкен. Буга байланыштуу Роскомнадзор 16 миллиондон ашуун IP-даректерди жапкан. Мындан өлкөдөгү банктар, Интернет дүкөндөрү жана башка онлайн кызмат көрсөткөн сайттар жабыркаган.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ