Menu

Фото – Исмаил Исаков президенттик аппаратка кайсы кызматка барды?

Бөлүшүү:

Бүгүн, 31-августта, «Ала-Тоо» борбордук аянтында Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада КР президенттик аппаратынын жетекчилеринин – мамлекеттик кызматкерлердин катарында экс-депутат Исмаил Исаков турганы көпчүлүктүн бүйүрүн кызытты. Буга чейин Исмаил Исаков мамлекеттик кызматка дайындалат экен деген имиштер чыгып, кайра токтоп калган болчу. Ал 2015-жылы парламенттик шайлоодо Алмаз Атамбаев КСДПнын тизмесине бийликке сынчыл көз караштары үчүн албай койгондон улам Ахматбек Келдибеков каржылаган “Азаттык” партиясын жетектеп шайлоого катышып, утулуп калгандан бери кызматсыз калган болчу. 2017-жылкы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдоп чыккан. Ал эми бүгүн болсо ардактуу меймандардын же отставкадагы генералдардын арасында эмес, мамлекеттик кызматкерлердин – президенттик аппараттын жетекчилеринин арасында турду. Демек, Исмаил Исаков мамлекеттик кызматка жаңы гана алынгандыктан аны кызматка дайындоо буйругу али элге ачык, расмий жарыялана элек. Же кызматка жашыруун кабыл алынганбы? Бирок эмне үчүн президенттик аппараттын функционерлеринин арасында турду? Балким КР президентинин кеңешчиси болуп дайындалгандыр…

Биринчи катарда солдон оңго: Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев, экинчи орун басары Алманбет Салиев, анан Исмаил Исаков.

Ошондой эле катарда, бирок олтурушат.

Ошол эле сүрөт ири планда тартылганда

Фотолор Султан Досалиевдики

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: