Өзбекстан. Коңшу Өзбекстанда көз карандысыз күнү ар жыл сайын 1-сентябрда белгиленет. 1991-жылы Москвадагы август төңкөрүшү ийгиликсиз аяктаган соң Өзбекстандын президенти маркум И. Каримовдун демилгеси менен ошол жылы 31-августта Өзбек ССРнын Жогорку Советинин кезексиз сессиясы чакырылып, 1-сентябрь – Өзбек Республикасынын көз карандысыз күнү болуп жарыяланган. 5-сентябрда Ислам Каримовдун жарлыгы менен Ташкент шаарындагы Ленин атындагы борбордук аянт Мустакиллик (Көз карандысыздык) аянты болуп өзгөргөн.
(Айтмакчы, Өзбекстан быйыл Эгемендүүлүк майрамы алдында биринчи жолу чек арада Тажикстан жарандарынын өтүүсүнө чектөө киргизбейт. Бул тууралуу «Asia-Plus» агенттиги Тажикстандын күч түзүмдөгү өз булактарына таянуу менен билдирди.
Ал эми буга чейин өзбек тарап тажик жарандарынын чек арадан өтүүсүнө чектөө киргизилери тууралуу Эгемендүүлүк майрамына бир ай калганда билдирүү жөнөтчү.)
Таджикистан. Таджикистан өлкөсү өздөрүнүн көз карандысыздык күнүн 9-сентябрда белгилеп келишет. 1991-жылы 9-сентябрда Тадикстан Жогорку Советинин 12-кезексиз сессиясы чакырылып, анда 9-сентябрь Таджик Республикасынынын көз карандысыздык күнү болуп белгиленген.
Түркмөнстан. Түркмөнстандагы АНТ («Альтернативные новости Туркменистана») көз карандысыз басылмасынын билдирүүсү боюнча Ашхабад шаарындагы «Дагдан» стадионунда 27-сентябрда белгиленчү Түрмөнстандын эгемендик майрамына карата даярдыктар болуп жатат.
Буга чейин Түрмөнстан өздөрүнүн эгемендигин Түркмөн ССРнин Жогорку Советинин 27-октябрь, 1992-жылы чыгарылган констиуциялык мыйзамынынын негизинде ар жылдын 27-28 октябрында белгилеп келишкен. Быйылдан тарта алар өздөрүнүн эгемендик майрамын 27-сентябрда бүткүл элдик майрам катары белгилешмекчи.
Казахстан. Мурдагы Союздук республикалардын ичинен акыркылардан болуп Казахстан өзүнүн суверендүүлүгү тууралуу Декларацияны 1991-жылы 16-декабрда кабыл аган. Ошондон тарта бул күн Казахстандын көз карандысыз күнү катары белгиленип келет.
Көз карандысыздык демекчи…
Бизге чейин, 24-август күнү Украина өзүнүн эгемендик күнүн белгиледи. (Украина өз алдынчалыгын СССР расмий чачыраардан төрт ай мурда, 1991-жылы 24-августта жарыялаган.) Ушул 24-август күнү Киевдин башкы көчөсүндө аскердик парад болуп, ал парадга Украина өзүнүн 4, 5 миң аскери, 250дөй аскердик техникасы жана 18 чет өлкөдөн келген 300дөй жоокер катышты. Айтмакчы, майрамдык иш чарада Украинанын президенти Петро Порошенко: «Украина орус империясы менен бардык байланышын үздү» деген пикирин бир топ дүйнөлүк массалык –маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Булак: “Айгай”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ