Алдыда күтүлүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун дагы бир көркү – ат үстүндө өнөрү менен көптөгөн элди таң калтырып келе жаткан Диана болору талашсыз! Учурда Диана Ашырбаева III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна кызуу даярдыкты өткөрүүдө. Ал мындан тышкары улуттук оюндардын бири болгон кыз куумай оюнунда да өз өнөрүн тартууламакчы. Диана азыр болгону 19 жашта. Кыргыздын ырым-жырымын кармайт экен, мейли кармай берсин ата-бабадан калган ырымды.
Не демекчибиз, -Диана, сен бир эле Теңир- Тоонун эмес, Кыргыз элинин сыймыгысың. Сен орус, англис, немец, араб, жапон дагы башка улуттардын эмес, сен Манас, Кошой, Бакайлардын чыныгы урпагысың!
Ылайым, бар бол! Ар дайым, өмүрүң булактай тунук, Нарын дарыясындай узун болсун! Сага ийгилик!
Булак: “Айгай”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ