Menu

Эдил Байсалов: “Сооронбай Жээнбеков кыргыз президенттердин ичинен биринчи жолу Көз карандысыздык күнүнө коомдук-саясый элитанын кеңири бөлүгүн жыйнай алды”

Бөлүшүү:

“Мен силердин көңүлүңөрдү өтө маанилүү бир нерсеге бургум келет: бүгүн Кыргызстанда биринчи жолу Көз карандысыздык күнү президент Сооронбай Жээнбеков “Ала-Тоо” аянтына Кыргызстандын коомдук-саясый элитасынын өкүлдөрүнүн кеңири бөлүгүн жыйнай алды”, – деп билдирди кечээ “5-каналга” коомдук ишмер Эдил Байсалов.

“Биринчи жолу Кыргызстандын Көз карандысыздык декларациясына 1991-жылы кол койгон “легендарлуу парламенттин” спикери Медеткан Шеримкулов “Ала-Тоо” аянтына келди. Ал биринчи жолу Көз карандысыздык майрамын кошо майрамдоого “Ала-Тоо” аянтына чакырылды. Буга чейин аны Акаев да, Бакиев да, Отунбаева да жана Атамбаев да чакырган эмес. Бүгүн биринчи жолу Медеткан Шеримкуловду бул майрамга президент Сооронбай Шарипович чакырды. Ошондой эле бүгүн жүздөгөн коомдук-саясый ишмерлер “Ала-Тоо” аянтында чоогу Көз карандысыздык майрамын белгилешти”, – деди Эдил Байсалов.

1991-жылы Медеткан Шеримкулов кол койгон Кыргызстан Республикасынын Көз карандысыздык декларациясы

Кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: