Menu

Фото – Түркия Президенти Режеп Тайып Эрдоган эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди

Бөлүшүү:

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган бүгүн, 1-сентябрда эки күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келди. Бул тууралу КР президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирет.

«Манас» эл аралык аба майданында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен расмий жолугушуу аземи болду.

Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Аземге расмий делегация өкүлдөрү катышышты.

Визиттин алкагында бүгүн, 1-сентябрда Президент Сооронбай Жээнбековдун Президент Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрү, Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин отуруму болот. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу мерчемделүүдө жана эки өлкө башчылары пресса үчүн билдирүү жасашат.

Расмий визиттин экинчи күнү, 2- сентябрда эки өлкөнүн Президенттери Кыргызстандын жана Түркиянын ишкерлери катышкан бизнес форумга катышышат, «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин медицина факультетининин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салышат жана Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышына катышышат.

Ошондой эле Режеп Тайып Эрдоган Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана спикер Дастан Жумабеков менен жолугушат.

Кыргызстанга визитинин алкагында 2-сентябрда Түркия Президенти III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, 3-сентябрда — Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин VI жыйынына катышат.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: