2-сентябрда “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна конгон Нурсултан Назарбаевди биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тосуп алды.
Казак президенти Ысык-Көлдө башталган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышты.
3-сентябрда ал Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин VI саммитине да катышканы жатат.
Назарбаевден тышкары Көчмөндөр оюндарынын ачылышына Кыргызстанда эки күндүк расмий сапар менен жүргөн Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Орусиянын субъектиси – Татарстандын жетекчиси Рустам Минниханов, венгер премьери Виктор Орбан дагы күбө болушту.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ