31-август эртең менен Түркмөнабад шаарында мугалимдерди пахта талаасына алып бараткан автобус жеңил унаа менен сүзүштү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.
Маалыматка караганда, шаардын Битарап Түркмөнстан көчөсүндө кырсыкка учураган автобус оодарылып кеткен. Анын жыйынтыгында жүргүнчүлөрдүн көбү жаракат алып, облустук ооруканага жеткирилди. Алардын айрымдары оор абалда.
Газ 53 үлгүсүндөгү автобус менен шаардагы №29 мектептин 20дан ашык кызматкери бараткан.
Күбөлөрдүн айтымдарында, кырсыкка эки тарапка тең жашыл түсү күйүп калган жол чырактын туура эмес иши себеп болгон.
Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ