Menu

Грузияда НАТО күчтөрү катышкан аскердик машыгуулар башталды

Бөлүшүү:

Жекшембиде Грузиянын «Сенаки» базасында НАТОго мүчө өлкөлөрдүн жана Түндүк Атлантика союзуна өнөктөш мамлекеттердин аскерлери катышкан «Чыйрак рух» (Agile Spirit-2018) деп аталган он күндүк машыгуулар башталды.

Ага АКШ, Болгария, Румыния, Латвия, Грекия, Украина, Түркия, Чехия, Эстония жана Грузиянын 237 аскери катышууда. Машыгуулар 2008-жылы августта батыш Грузияга кирип келген орусиялык аскерлер тарабынан дээрлик толугу менен талкаланган базада өтүүдө.

НАТОго мүчө мамлекеттердин айрымдары катышкан «Татыктуу өнөктөш» (Noble Partner-2018) деген буга чейинки машыгуулар августтун ортосунда аяктаган.

Грузия учурда НАТОго кирүүгө даярдык көрүүнүн үчүнчү баскычында. Өлкө аскердик блоктун курамына толук кириши үчүн дагы бир, акыркы этапты басып өтүшү керек.

Машыгууларды ачкан Грузиянын коргоо министри өлкө армиясынын коопсуздугун «стратегиялык даярдыкта» деп мүнөздөдү.

Машыгуулардын жүрүшүндө аскердик топтордун каатчылыктарга реакция кылууга жана НАТОнун ыкчам тобунун курамында биргелешкен операцияларды жасоого даярдыктарын арттыруу каралган.

Agile Spirit машыгуулары 2011-жылдан бери Грузияда жыл сайын өтүп келет. Былтыр ага жети өлкөнүн аскерлери катышкан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: