Кыска аралыкта дээрлик бир топ жогорку кызматтарды аркалап, мындан улам ырысын көтөрө албай, көзүн май басып, ээн ооздугунан ээлеген кызматынан ажырап, ал түгүл кылмыш иши козголгон мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевдин соттук териштирүүсү ың-жың болду. Эл болсо кулак түрүп күтүүдө. Зилалиевдин таасири күчтүү болуп, козголгон кылмыш ишин бучкагына теңебей жатабы же тиешелүү органдар кандай чечим чыгараарын билбей баштары катуудабы, белгисиз. Айтор, «кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты» болуп калды. Учурда боткосу чыгып жаткан алтын кендерге лицензиялардын көбүн дал ушул Зилалиев будамайлаган эле. Коррупцияга каршы күрөштүн алкагында геология, тоо кен тармагын мыкчып тургандагы ишмердүүлүгүн казып көрүшсө далай былыктары чубалат эле. Эмнеге ал ишти жасабай жатышат чоң суроо жаратат?..
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ