Menu

Чолпон-Ата шаарында ТТМК мамлекеттери башчыларынын жолугушуусунун расмий аземи болду

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин мамлекеттер башчыларынын Саммитинин жыйынына келген Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев менен жолугушту. Бул туралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы маалымдады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Илхам Алиев менен жана азербайжан делегациясынын башка мүчөлөрү менен кыргыз бермети  Ысык-Көлдүн жээгинде жылуу учурашты.

Ал өлкөлөр ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулоонун жакшы мүмкүнчүлүгүнө канааттануу билдирди.

«Кыргыз Республикасы өз ара ишенимге жана урматтого негизденген бир туугандык мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө чоң маани берет. Биз бардык аспектилер боюнча биздин досторубуз менен ачык жана мазмундуу маектешүүгө даярбыз. Мен Сизди Азербайжан Демократиялык Республикасынын 100 жылдыгы менен куттуктагым келет», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал мурда мерчемделип калган башка расмий сапарга карабастан, Кыргызстанга келгени үчүн Илхам Алиевге ыраазычылык билдирди.

Азербайжан Президенти Илхам Алиев Кыргызстанга, жер бермети Ысык-Көл жээгине келип кетүүгө чакырганы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул жер бүт дүйнө үчүн маанилүү, кыргызстандыктардын жана бул керемет жерге келгендердин баарын суктандырган уникалдуу жаратылыш байлыгы болуп саналат. Сизди түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешинин Саммитин уюштурганыңыз үчүн куттуктагым келет. Бул биздин биримдигибизди жана кызматташтыгыбызды тастыктаган маанилүү иш чара, жолугуп, биздин эки тараптуу мамилелерди талкуулоо үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк.  Мен Кыргызстан менен кызматташууга чоң маани берем. Биздин бардык багыттар  боюнча — саясатта, экономикада кызматташтыкты арбытсак деген ниетибиз бар, транспорттук чөйрөдө абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылууда», — деп белгиледи Илхам Алиев жана бүгүнкү жолугушуу мындан ары ийгиликтүү өнүгө турган мамилелерге жаңы түрткү берерин кошумчалады.

Андан тышкары, Илхам Алиев Президент Сооронбай Жээнбековду Азербайжанга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Мамлекеттер башчылары Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы кызматташтыктын орчундуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жолдорун жана эки тараптуу өз ара аракетенишүүнүн келечегин талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Президент Илхам Алиевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды жана ал эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болоорун баса белгиледи.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: