Menu

Түркмөнстан чек арада тажик фураларын өткөрбөй жатат

Бөлүшүү:

Тажикстандык  жүк ташуучу унаалар  иран-түркмөн чек арасынан өтө албай жатышат. Буга байланыштуу Тажикстан Транспорт министрлиги  тажикстандык айдоочуларга башка жолдорду колдонууну сунуштоодо.

Ага ылайык, айдоочулар Иран менен Азербайжандын чек арасынан өтүп, ал жактан Тажикстанга Орусия, Казакстан жана Өзбекстан аймагы аркылуу кирүүсү керек. Бирок бул Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан жолунан эки эсеге узун.

Телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда түркмөн тарап суткасына 30 жүк ташуучу унааны гана өткөрө аларын, тажик айдоочулары кезек күтүүгө милдеттүү экенин билдирген. Мындай кырдаалдын жаралышына эмне себеп болгонун ачык айтышкан эмес.

Тажикстандык айдоочулар бир жумадан ашуун убакыттан бери түркмөн-иран чек арасынан өтө албай турушат. Көзөмөл өткөрүү бекетинде 100дөй фура кезек күтүүдө.

«Бизге себептерин түшүндүрүшкөн жок. Биз товарларды Түркиядан ташып келебиз. Жолдо Иран, Түркмөнстан, Өзбекстан аймагын басып өтүп, Тажикстанга жетебиз», – деди айдоочулардын бири.

Бул арада 24-августта Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Ашхабадга иш сапар менен келип, бул өлкөнүн президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолуккан. Эмомали Рахмон Арал деңизин сактоо боюнча өткөн саммитте сөз сүйлөп, аймактагы өлкөлөргө жүк ташуу жана транзит боюнча кызматташууну жакшыртууну сунуштаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: