Menu

Чемоданга жашынып, Түркияга кирүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды

Бөлүшүү:

Түркияда мыйзамсыз жол менен өлкө аймагына кирүүгө аракет кылган өзбек жараны кармалды. Жергиликтүү басылмалар кабарлашкандай, түрк чек арачылары өзбекстандык аялды 1-сентябрда грузин жаранынын чемоданынын ичинен табышкан.

Окуя түрк-грузин чек арасындагы «Сарп» өткөрмө-бекетинде болгон. Паспорт көзөмөлүндөгү чек арачылар грузин жаранынын чоң чемоданы шек жараткандыктан, аны ачуусун талап кылышкан. Чемодандын ичинен Өзбекстандын 27 жаштагы жараны чыккан.

Маалыматка караганда, буга чейин өзбекстандык аялдын Түркияга кирүүсүнө беш жылга тыюу салынган. Буга байланыштуу ал өлкө аймагына мыйзамсыз жол менен өтүүнү каалаган.

Түрк полициясы Өзбекстан менен Грузиянын жарандарына каршы кылмыш ишин козгоп, алар камакка алынды.

Былтыр май айында дагы аталган өткөрмө-бекет аркылуу Орусиянын жараны чемодандын ичинде өтүүгө аракет кылган. Ошол эле жылы декабрда Түркияга кирүүгө тыюу салынган грузин жараны чемоданга кирип, чек арадан өтүү аракети маалында кармалган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: