Menu

Айдаркен сымап комбинатын энчисине баскан Толубай Салиевге эч кимдин тиши өтпөйбү?

Бөлүшүү:

Президентибиз Сооронбай Шарипович такка отурган күндөн тарта коррупцияга каршы күрөшкө чечкиндүү киришип, «керек болсо досумду дагы аябаймын» деген сөзү менен бир нече аткаминерди темир тордун артына киргизди. Ажонун бул изги кадамы жалпы элге жагып, колдоого арзып турган чагы. Жакында дагы бир жыйын куруп, жемкорлордун атын так айткыла деген чакырык таштады. Биз ошол кептин өңүтүнө карай тээ алыскы Баткендеги ири ишкананы бир нече жыллан бери чоң атасынан калгандай шимирип жаткан эргулдун бетин сыйрыйлы деп чечтик. Ал нойон Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы сымап комбинаттын директору – Толубай Салиев. Бул эргул акыркы жылдары ишкананы коррупциялык бандиттик, кылмыштык аракеттер менен башкарып, бүткүл айдаркендиктерди какшатып жатканы жакында ачыкка чыкты. Чындыгында эле Толубайдын талап-тоноочулук, уурдап сатуучулук аракеттеринин кесепетинен Айларкен сымап комбинатынын эртеңи чон коркунчка кептелгени белгилүү болду. Анын толгон токой фактылары ММКларга чыкты, айрымдарына токтоло кетелик. Биринчиси, ишкана мамлекеттик болгону менен Т.Салиев комбинаттын мүлктөрүн, жерлерин четинен сатып, май куюучу станциясы, от жагуучу меши, мурдагы күнөскананын жерлери сындуу бир топ жерлерди жең ичинен пулдаптыр. Экинчиси ишкананы жеке менчикке чыгарууу—тезирээк банкрот кылуу максатында «Северсталь» деген шойкомдуу инвестор менен кылмыштуу келишим түзүптүр. Эми алар берди делген миллион долларды төлөй албай калды деген шылтоо менен комбинатты жасалма банкрот кылып, анан менчиктештирген жатыптыр. Үчүнчүсү, комбинатты талап-тоноп, мүлктөрүн акчага айландырып, ишкананы сызга олтургузган кылмыштык схемаларды түзүүдө Толубайга Казакстандын жараны, көп жылдардан бери комбинатта бирге иштеген  Ормонова Нуркеч деген аял жардамдашыптыр. Бул ачыктан ачык кылмыш да. Төртүнчүсү, Кытайга кара металл жүктөгөндө астына сымап куюлган контейнерлерди кошо жүктөп, чек арадан кармалган экен, бирок аны акчанын күчү менен бармак басты көз кысты кылып жааптыр. Мына ушундай фактылар оркоюп турса да ушул күнгө чейин Салиевди эч ким текшербей, Айдаркендеги жергиликтүү бийлик башчыларынын тиши өтпөдү. Көрсө, мурунку бийликтин тушунда Толубай Салиевди айтылуу «шопур» Икрамжан Илмиянов жеке өзү көзөмөлдөп, тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай турган экен.

Азыр ал «кысталак» кетти, бирок Толубай уурулук менен кымырган акчанын күчү менен башка «крыша» тапкан окшойт, кайрадан тастаңдап, өзүн өзү билип, өтүгүн тергө илүүдө. Бизге жеткен маалыматтарга караганда вице-премьер Жениш Раззаковдун алаканын майлагандай таасир жаралууда. Себеби, Толубайдын кишилери ат тезегин кургатпай каттап жатканы айтылууда. Эгер андай болсо Президенттин корруцияга каршы күрөшү Баткенге жетпей жыгылып, ара жолдо сүйрөлүп кала береби? Эгер Салиев ошончолук кыйын болсо, бүгүнкү күнгө чейин бир нерсени жасайт эле го? Аны эмнеге мынча эркелетет? Ал өзүн мамлекеттин ичиндеги мамлекеттин кожоюнундай сезип, өз билгенин жасап, каалаганын кылып жатпайбы. Элге белгилүү болгондой Айдаркендеги сымап комбинаты кезинде миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылып- өлкө бюджетине миллиондогон кирешелерди түшүргөн стратегиялык мааниси чоң, зор ишкана эле. Азыр Толубайдын акча жасоочу, жеке керт максаттарын ишке ашырчу жайга айланды да каллы. Бүгүнкү күндө ал өзүнүн «командасы» менен комбинатта жашыруун сымап өндүрүп, аны көмүскө каналдар аркылуу сатып кылмыштуу иш жүргүзүп жатканы жалганбы? 20 тоннадан ашык урандын калдыктарын комбинаттын заводунда сактап, саат түнкү 11ден танкы 6га чейин күйгүздүрүп, муну менен Айдаркендин жана ага жакын жайгашкан жашоочуларды ууландырып ден соолуктарына зыян келтирип жатканы качан такталат? Эгер тиешелүү мамлекеттик органдар мыйзамдык чара көрбөсө, айдаркендиктер жакында жарылат. Анын аягы президенттин башына сокку болуп тийиши мүмүкүн.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: