Menu

Атамбаев “буулукса” Жолдубаева “жомок” айтабы?

Бөлүшүү:

Кыргызда «буулукту» деген кыска-нуска, бирок мааниси терең сез бар. Ошол сыяктуу экс-президент Алмаз Атамбаевдин «буулугуусу» президенттик тактыны мыйзамдуу шайланган Сооронбай Жээнбековго өткөрүп бергенден көп өтпөй эле башталды. Кыргызстан кичинекей мамлекет болгондуктан, баары алаканга салгандай эле көрүнүп турат. Ага болбой эле «жең ичинен« саясат жүргүзүп «өлүмүш болгон» экс-ажонун «жоруктары» жаш баланын таарынычындай эле таасир калтырууда.

Анткени Атамбаевди айланчыктап, «Форумдун» имаратынан «фортуна» издегендер, айланып келип эле уккан, көргөнүн бирине-бири айтып, ич ара күмпү-күмпү болушуп, казандагы «кашасы» кантип бышып жатканы жалпы журтка маалым болууда. Ага болбой эле экс ажо өзүнөн башканын баарына нааразы.

Кечээ жакында «Бөрк ал десе, баш алган» «бакма сөз» катчысы Кундуз Жолдубаеванын оозу менен үн катты. Маалыматка ылайык, бийлик «күздө болушу мүмкүн» делинген мамлекеттик төңкөрүш жөнүндөгү маалыматтарга көңүл бурбай жаткан имиш. Эми мындай кытмыр билдирүүнүн ары жагында кандай саясат жатканын илгиртпей түшүнүүгө анчалык деле акылдын кереги жок. Ачык айтканда азыр төңкөрүш Атамбаев, Ниязов жана Жолдубаевага эле керек болбосо, мындай арам ойду ойлогон бир жан жок.

Эрте жаздан бери эле, экс-ажо буулугуп «Элди көтөрөм, Чүйдү көтөрөм, «үйдү» көтөрөм» менен убара тартып келгени карапайым калкка бештен белгилүү. Экс-ажонун жакын идеологдору ал ортодо трайбализм темасын да көтөрүп, элди экиге бөлүү аракетин көргөнү жалганбы?

Эми бет тырмалык  кылып жатканы, эмнени каңкуулайт?

Экс- ажо «Ири долбоорлорду баштадым» деп «төш кагып» жүргөнү менен, иш жүзүндө экономиканы сормо сазга тыгып, бир топ карызга батырып кеткени эми ачыкка чыгып жатат.

Ошол эле Атамбаев мактанып жүргөн Түндүк-Түштүк альтернативалык жолу, Датка-Кемин подстанциясы, Бишкек жылуулук борборун (ЖЭБ) модернизациясы, Тарых музейинин реконструкциясынан уурдалган миллиарддарды уккан элдин «төбө чачы тик турган» кез. Көрсө, Атамбаевдик алты жылда анын «көзүрлөрүнүн» «күнү тууп» баш айланткан байлык топтошкон тура. Учурда, элден уурдаган арам тамактары аш болбой, бир тобу түрмөдө шектелип жатат.

Анан эми ушунун баарын көрүп-билип турган эл Атамбаевди ээрчимек беле?

«Алыскы туугандан жакынкы кошуна» деген кеп бар элибизде. Экс ажо болсо, ар дайым «балп этмеси» кармап кошуна өлкөнүн президенттери «абысындай асылып», эзелтеден келе жаткан баардык дипломатиялык мамилелердин таш талканын чыгарып кетти. Эки ортодо карапайым калк жабыр тартып чек-арага түнөп, миллиондогон чыгымдарга кириптер болду. «Башка балээ тилден келет» деген ушул.

Кудайга шүгүр, азыркы президент ишин эң биринчи кошуналар менен мамилени жакшыртуудан баштады. Казактар менен мамилебиз заматта башка нукка бурулуп, эки – элдин карым катнашы чыныгы достук мамилеге өттү. Башка кошуналар менен да мамилебиз жакшырды. Ушундан улам быйыл көчмөндөр оюндарынын ачылышына бакандай мамлекеттердин жетекчилери катышуусу күтүлүүдө. Түркиянын президенти Эрдоган мырза расмий визит менен келет деп, камынып жаткан кез.

«Региондорду өнүктүрүү жылы» деп туура багытты тандап алып быйыл аймактарда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Келечекте жаңы жумушчу орундар түзүлүшүнө түрткү болууда. Мындай аракеттер улана берсе экономикабыз деле бара-бара оңолуп кетерине эч кандай шек жок.

Андыктан, көчөгө чыгайын деген деле киши көрүнбөйт. Болгону, экс-ажонун көзүн караган «Апрель», «Акипресс» сыяктуу дагы аты-жыты белгисиз бир-эки кыргыз тилдүү гезит, чымындан пил жасап жамандык издөө менен эле убара.

Кыйшалаңдатпай ток этер жерин айтканда, Атамбаев саясатчы катары өзүнүн баардык ресурсун түгөтүп бүттү. Жолдубаева айткандай бийликке тиешелүү блогерлер эмес, карапайым эл өзү Атамбаевди ашмалтай иштеринен улам нааразычылыгын билдирүүдө.

Атамбаевдин трагедиясы анын өз кызыкчылыгын, жеке таарынычын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгондугунда. Ал ар дайым өзүнө карата сын айткандардын баарын душманга айлантып жиберчү. Ошол эле бейөкмөт уюмдарды, оппозицияны ар кандай «балп этмелер» менен кемсинтип, керек болсо өзүн бийликке алып келген экс-президент Роза Отунбаеваны эки жыл мурун эгемендүүлүк майрамында борбордук аянттан «кубалап» жиберген.

Азыркы ажобуз бирөөнү шылдыңдап ачуу кептерин агытпай эле бейөкмөт уюмдары болобу, оппозициясы болобу, ошол эле экс-президентибиз Роза Отунбаева менен орток пикирге келип, ар кандай себептерден улам бөлүнүп жарылган коомду бириктирүүгө далалат кылууда.

Атамбаевдин учурунда Жогорку Кеңеш ак үйдүн «бир бөлүмүнө» айланып алардын оозун аңдып отурганына калың эл күбө. Учурда алар да президенттик аппарат тарабынан эч кандай кысым жок, жөнөкөйлөтө айтканда жыргап эле «өмүр сүрүшүүдө». Президент региондорду кыдырса, ошол аймактан чыккан депутаттарды кошо ала барып элдин көйгөйү менен жакындан тааныштырып жатканы да жакшы көрүнүш.

Кыскасын айтканда Атамбаевдин доору 2017-жылдын 15-декабрында эле бүткөн. Андан кийин анын жан-жөкөрлөрүнүн казынаны какшыткан коррупциялык кыңыр иштеринин бети ачылып Атамбаевдин «чуулгандуу доору» деген бүтпөс тема башталып экс-ажонун аткошчуларынын «бет кабы» сыйрылган.

Бирок, экс-ажо негедир муну түшүнбөстөн, дагы деле «буулукканы» басылбай келет. Турмуш чындыгы менен Атамбаевдин чындыгы, ак менен карадай эле такыр коошпогон нерсе. Ток этер жери ушул.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − 52 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: