Menu

Фотобаян – Кыргызстан менен Түркиянын биринчи айымдары Ч.Айтматов маданият борборун ачышты

Бөлүшүү:

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин жубайлары Айгүл Токоева жана Эмине Эрдоган бүгүн, 2-сентябрда Улуттук китепканада Чыңгыз Айтматов атындагы маданият борборунун ачылышына катышты. Айгүл Токоева, бул борбор — эки элдин биримдигин бекемдөөгө, ынтымагын чыӊдоого данакер болот, деген ишеничин билдирди. Ал маданият очогунун түптөлүшүнө өз салымын кошкон «Тика» Түрк кызматташтык агенттигине ыраазычылыгын айтты.

1-сентябрда эки мамлекет башчыларынын жубайлары Бишкек кыргыз-түрк достугу ооруканасында болушту. Алар заманбап техника менен жабдылган бөлмөлөр, лабораториялар жана реанимациялык блоктор менен таанышты. Оорукананын курулушу жана ишке берилиши Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы макулдашууга ылайык жүргүзүлүүдө. Келечекте аталган клиникада жогорку технологияны колдонуу менен түрдүү операцияларды жасоо мүмкүнчүлүгү болот.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − = 64

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: