Бүгүн, 3-сентябрда “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун төрайымы, ак элечектүү Роза Отунбаева Бүткүл дүйнөлүк III көчмөндөр оюндарын көрүүгө Кырчын жайлоосуна барды. Ал жерде этношаарчанын ачылыш аземинде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен Мажарстандын премьер-министри Виктор Орбан менен чоогу болушту.
Кийин Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Токоева жана Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган менен “Кырчын” этношаарчасын аралап көрүштү.
Сүрөттөр Султан Досалиевдики
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ