Menu

Тажикстанда теракт болгон жерде велосипед эстелиги орнотулду

Бөлүшүү:

Дангара районунун чет элдик туристтерге кол салуу болгон аймагында –Себистон айлында велосипед-эстелик орнотулду.

Эстеликтин ачылыш аземи 2-сентябрда өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү жана чет өлкөлүк велосипедчендердин катышуусунда веломарафон уюштурулду. Аларды Душанбеден Дангарага чейинки жолдо МАИ кызматкерлери коштоп жүрдү.

29-июлда Дангара районунда велосипедчен чет өлкөлүк туристтердин тобун автоунаа сүзүп кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болгон, дагы үч чет өлкөлүк жараат алган.

Тажикстандагы АКШ элчилигинин кызматкерлери да иш-чарага катышып, өлгөн туристтерди эскеришти. Элчиликтин өкүлү Жефф Райденур трагедия болгон жерге раритет велосипед менен келди. Анын айтымында, велосипедди жергиликтүү тургун кол салууда мерт болгон америкалык жарандар Жей менен Лорендин элесине арнап берген. “Ал киши атын жарыялагысы келген жок. Велосипед тажик элинин ак ниеттүүлүгүнүн символу катары элчиликте калат”, – деди ал.

Учурда элдер эстеликке келип, гүл коюп, сүрөткө түшүп кетишүүдө. Кол салуудан кийин АКШ Мамлекеттик департаменти туристтер үчүн коопсуз өлкөлөрдүн рейтингинде Тажикстанды бир позицияга ылдый түшүргөн.

Шектүүлөрдү кармоо операциясында төрт киши жок кылынган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: