Menu

Исаковго ийгилик жылмайдыбы?

Бөлүшүү:

Мурдагы коргоо министри, КСДПдан Жогорку Кеңештин депутаты болгон Исмаил Исаков 3 жылдан бери кызматсыз бош жүрөт. Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин динсаясатына каяша айтып, бийликке суук селки көрүнүп алган жайы бар. Натыйжада 2015-жылкы болгон Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо эч ким кошпой коюп, “Азаттык” партиясын жетектеп өзү аттанган. Республика боюнча чеке жылтпаган добуш алган. Андан кийин саясий аренадан сүрүлүп калды. Жакындан бери президент Сооронбай Жээнбековду жандап баштады. Сыягы, кайсы бир кызматка баруу үмүтү ойгонду көрүнөт. «Ала-Too» борбордук аянтында Эгемендүүлүк күнүнүн 27 жылдыгына арналган 31-августтагы салтанаттуу иш-чарада президенттик аппараттын жетекчилери, коопсуздук кеңешинин катчысы менен жанаша отурганы президенттин айланасынан кызмат орун тийгенден кабар берди. Өлкө башчысына кеңешчи болдубу же Коопсуздук кеңешинен кызмат тийгени белгисиз…

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 + = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: