Menu

“Айдаганы беш эчки, ышкырыгы таш жарат”…

Бөлүшүү:

Кыргызстанда жылдан-жылга билим берүүнүн сапаты кескин начарлап жатканы адистер тарабынан коңгуроо болуп кагылып келет. Бирок билим берүү жаатына реформатор жетекчи келбей, кырдаалдан чыгуунун жолу табылбай турат. Мамлекет тараптан бюджеттик каражаттын 18 пайыздан ашууну же болжол менен 30 млрд. сом билим берүүгө багытталат. Бирок жылыш жок. Чеке жылыткан иш аз. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев болсо күнөөнү ата-энелерден издеп: “Мугалимдер менен катар ата-энелер да баланын тарбиясы жана окуусу үчүн жоопкерчилик алышат. Мектепке барбай калган балдардын ата-энелери аларды каражат табууга жумшашат. Биз бул көйгөйдү чечүүбүз зарыл. Керек болгон учурда, баланын келечеги тууралуу ойлонбогон ата-энелерди жоопкерчиликке тартуу кажет”, – деп балп этти. Ырас, айтканында жүйө бар. Бирок алгач окуучуларга шарт түзүп берип, билим берүүнүн сапатын көтөрүп анан күпүлдөсө жарашмак. Мына азыр байкуш ата-энелер мектепке баласын киргизиш үчүн 10 миң сомдон 30 миң сомго чейин акча беришет. Эң кур дегенде баланын мектепте бекер билим алуусун камсыздап, акча алгандарды жоопкерчиликке тартуу маселесин көзөмөлгө алып, анан сөөмөй кезесе түшүнөт элек.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: