Menu

Казакстан: автобус кырсыгында мерт болгондордун туугандары алардын өлүмүнө ишенбей жатышат

Бөлүшүү:

Быйыл январда Казакстандын Актөбө облусундагы автобус кырсыгында каза болгон өзбек жарандарынын туугандары алардын өлүмүнө ишенбей жаткандыктарын билдиришүүдө. Бул иш боюнча башталган сот отурумунда алар мерт болгон делген туугандарынын мобилдик телефондору дале иштеп жатканын, бирок алар менен байланышуу мүмкүн болбогонун айтышты. Бул тууралуу Вnews.kz сайты жазды.

«Биз алардын өлүмүнө ишенбейбиз. Алар тирүү. Уулум менен неберемдин телефондору азыр деле иштеп жатат, бирок чалганда албай жатышат. Башкалардын да көбүнүн телефондору иштеп жатыптыр. Адамдар өзүлөрү күйүп кетип, телефондору күйбөй калмак беле? Демек алар тирүү. Балким аларды кулчулукта кармап жүрүшкөн болушу мүмкүн», – деп билдирген автобус жүргүнчүлөрүнүн биринин тууганы Юлдуз Ганиева.

Кырсыкка кабылган өзбек жарандарынын башка туугандары дагы алардын өлүмүнөн шек санашууда. Алар каза болгондордун сөөктөрүнүн калдыктары бериле электигин жана окуя болгон жердеги экспертизалардын жыйынтыктары көрсөтүлбөгөнүн айтышууда. Жабырлануучулар адвокат жалдаган эмес, бирок өзбек элчилигинин өкүлдөрүнө кайрылып, сотто укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшкөн.

Ал ортодо бул иш боюнча айыпталып жаткан автобус айдоочулары аларды гана жоопко тартуу туура эмес экенин билдиришти. Алардын туугандарынын биринин айтымында, кырсыкта тирүү калган өзбекстандыктар дагы суракка алынып, зарыл болсо алар дагы жоопко тартылышы керек.

Өзбекстан жарандары бараткан автобус 18-январь эртең менен Актөбө облусундагы Иргиз трассасында өрттөнүп кеткен. Анда 52 киши мерт болуп, 5 киши аман калган. Расмий версия боюнча өрт автобустун салонун каңдагыч лампа менен жылытуу учурунда чыккан.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: