Menu

Трамп Сирия, Орусия жана Иранды “гуманитардык катачылыкка” жол бербөөгө чакырды

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Сирия, Орусия жана Иранга Идлиб провинциясына чабуул жасалса – “олуттуу гуманитардык катачылык” болорун эскертти.

Трамп Твиттерге “Президент Башар Асад Идлиб провинциясына ойлонбостон чабуул жасабашы керек. Орустар менен ирандар потенциалдуу адамзат трагедиясына катышса, чоң гуманитардык ката кетиришет. Жүз миңдеген киши өлүшү мүмкүн. Буга жол бербегиле!” — деп жазды.

ММКлардын маалыматы боюнча Москва менен Дамаск сириялык куралдуу оппозициянын акыркы таянычы болгон Идлибге ири чабуул жасоого даярданууда. Бул провинцияда үч миллиондой киши жашайт.

АКШ сирия армиясы химиялык курал колдонушу мүмкүн деп шектенип, президент Башар Асадды кезектеги аскер чабуулдары менен опузалады. Бул арада Орусия Коргоо министрлиги Пентагон Асадга каршы “кутум” уюштурууда деп бир нече жолу билдирди. Соңку күндөрү Орусия Сириянын жээктерине жыйырмадай аскер кемесин жайгаштырды жана Жер Ортолук деңизде машыгууларды өткөргөнү жатат.

Идлибге чабуул жасоо операциясына Иран дагы катышарын билдирди.

БУУ Орусия, Иран жана Түркияны Идлиб провинциясына жасала турган операциянын алдын алууга үндөдү. Уюм чабуул учурунда жаатташкан эки тарап тең хлор түрүндөгү химиялык курал колдонушу ыктымал деп кооптонууда.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: