Menu

Өзбекстанда диний темада жазган блогерлер кармалды

Бөлүшүү:

Августтун акыркы жумасында Өзбекстандын Ташкент, Анжиян жана Коконд шаарларында бери дегенде эле диний темада жазган беш блогер кармалды.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасынын билдиргенине караганда, ташкенттик блогерлер Атхам Олимов (Мусанниф Адхам) менен Зиёдулла Кабиров (Зиёвуддин Рахим) «милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана каршылык көрсөтүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышты.

Атхам Олимовго карата козголгон административдик укук бузуу тууралуу иш сотто 29-августта каралган. Көзөмөл органдын маалыматы боюнча, сотто Олимов күнөөсүн толук моюнуна алып, 15 суткага административдик камакка алынган. Ушул эле берене менен айыпталган блогер Зиёдулла Кабиров 10 суткага административдик камакка алынып, 184,300 сум (23 АКШ долларына жакын) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Мындан тышкары Анжиянда блогер Отабек Усманов менен Коконддо Хуршидбек Мухаммадрозиков 15 суткага камалганы белгилүү болду. Азырынча ташкенттик дагы бир блогер Миразиз Ахмедовдун тагдыры белгисиз бойдон калууда.

Кармалган блогерлердин туугандары буга чейин милиция кызматкерлери менен атайын кызмат өкүлдөрү аларга эскертүүлөрдү берип, коркутуп келишкенин билдиришти.

Социалдык түйүн колдонуучуларынын арасында Мусанниф Адхам деген ысым менен белгилүү блогер Атхам Олимовдун туугандарынын айтымдарында, 28-августта укук коргоо кызматкери аны Ташкенттеги үйүнөн алып кетишкен. Туугандары колго түшүрүү маалында Олимов эч кандай каршылык көрсөтпөгөнүн билдиришүүдө.

Блогердин иниси Шахрух Олимов агасы үч күн мурда кармалса дагы анын кайсыл жерде экендиги белгисиз болуп жатканын кошумчалады. «Анын кандай себептер менен кармалганын билбейбиз. Божомолдоп да айта албайбыз», – деди ал.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: