Menu

Эдил Байсалов: “Атамбаевдин учурунда АКШ Максим Бакиевдин $100 млн акчасын таап тоңдуруп берген, бирок Сапар Исаков менен Ирина Жолдубаевалар ал акчаны кайтарып алууга аракет кылышкан эмес”

Бөлүшүү:

Максим Бакиевдин өнөктөшү болуп, Кыргызстандын миллиондогон акчаларын уурдап-тоноого шектүү катары 2о10-жылы Максим Бакиевдер менен кошо соттолгон Евгений Гуревич деген неме аз күн мурун “Азаттыкка”маек берип, Максим Бакиевдер 2о10-жылга чейин Кыргызстандан бери дегенде 200-300 миллион долларды уурдап сыртка чыгарып кеткенин айтып, кыргыз коомчулугунун дагы бир жолу жинин кашайтты. Мына ошол уурдалган акчаны кайтарып алууга мумкүнбү деген суроо менен айрым белгилуү инсандарга суроо узаттык…

Байтемир Ибраев, Башкы прокурордун мурдагы орун басары:

-Евгений Гуревичтин айткандарын тергөө органдары 2010-жылы эле аныктап койгон. Тергөө органдарына Гуревичтин айтканы жаңылык деле эмес. “Бакиевдер баланча миллион долларды уурдап өлкөдөн чыгарып кеткен” – деп Гуревич массалык маалымат каражаттарына айтып эле келген да. Башкы прокуратура журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөн сайын Гуревичтин айткандарын айтып келишкен. Акча 7-апрелге чейин эле Гуревичтин катышуусунда уурдалып, чет өлкөлүк банктарга которулганын тергөө органдары эбак эле аныктаган. Ошонун негизинде Максим Бакиев баш болгон анын жан-жөөкөр өнөктөштөрү сыртынан соттолбоду беле. Акчаны кайтарып алуу боюнча убагында жакшы эле аракеттер көрүлгөн, бирок эч майнап чыккан эмес. Ошондо, убагында майнап чыкпаган, азыр жыйынтык болушу кыйын го…

Абдрахман Маматалиев, экс-вице премьер министр: 

-Бул оңой-олтоң маселе эмес. Анткени 2010-жылы Максим Бакиевдин командасы (арасында ошол эле Е.Гуревич да бар) Кыргызстандан ири суммадагы акча чыгарып кеткендиги жөнүндө мурдатан бери эле айтылып жүрөт. Бирок 8 жылдан ашуун убакыт өтсө да, аны далилдүү фактылар менен тиешелүү эл аралык уюмдардын жардамы менен кайтаруу аракеттери ишке ашырыла элек. Экинчи маселе, Гуревич канчалык деңгээлде биздин тиешелүү органдар менен кызматташууга барат? Ал өзү да издөөдө жүргөн неме да. Албетте, биздин тиешелүү кызматтар иш-аракеттерин күчөтүүгө дагы бир аргумент кошулду деп айтсак болот.

Алмамбет Шыкмаматов, “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты:

-Гуревичтин айткандары парламенттин жалпы жыйынында каралышы керек. Бул маселеге кыргыз бийлиги, парламент абдан маани бериши керек. 2015-жылы Гуревич Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын өкүлдөрү менен жолукканын айтып жатат. Аны менен кимдер жолугушканын да билишибиз керек. Бакиевдер чыгарып кеткен деп айтылып жаткан 200-300 миллион долларды өлкөгө кайтаруунун аракетин көрүү зарыл.

Ашырбек Бакаев, генерал-майор:

-Эгер Гуревич айтып жаткан Бакиевдердин 2010-жылы өлкөдөн 200-300 миллион долларды чыгарып кеткени чын болсо, далилдүү фактылар болсо, анда ал каражатты кайтарып келүүгө эмнеге болбосун. Аны кайтарыш үчүн биринчиден, азыркы бийликтин саясий эрки күчтүү болушу шарт. Укук коргоо органдарынын, атайын кызматтардын тажрыйбалуулугу талап кьшынат. Өлкөдөн уурдалган акчаларды кантип кайтаруу боюнча эл аралык нормалар бар да. Ошол нормалардын негизинде эле кайтарып алуу керек.

Марат Иманкулов, УКМКнын мурдагы орун басары:

-Эл аралык укукту, эл аралык нормаларды жакшы билген юристтер болсо, уурдалган акчаны кайтарып алса болот. Евгений Гуревич “Азаттыкка” берген маегинде “Менде бардык далилдер бар, далилдеп берем” – деп жатат. Акчаны кайтарып алуу үчүн эл аралык  уюмдар дагы жардам бериши керек. Эгер кыргыз бийлиги ишке киришсе, акчаны кайтарып алат го деп ойлойм. Анткен себеби Гуревичте далилдердин баары бар экен. Акча кайсы банкка, кимдин эсебине которулгандыгынан бери. Бул маселенин артынан түшүү зарыл. 200-300 миллион доллар деген оңой акча эмес да. Эгер биздин атайын кызматтар, юристтер көңүл бурбай, ишке үстүртөн мамиле кылышса, анда акчаны кайтарып алуу мүмкүн эмес. Бул маселени Жогорку Кеңеш дагы жөн койбойт болушу керек. Жыйынга чогулушса, маселе көтөрүшөөр…

Эдил Байсалов, саясатчы:

-Атамбаевдин учурунда Максим Бакиевге тийиштүү жүз миллион доллар тегерегиндеги сумма АКШ тарабынан Латвия, Улуу Британия жана АКШ банктарында табылып, тондурулган. Бирок эмнегедир ошол кезде Сапар Исаков, жооптуу тышкы саясат органдары бул боюнча эч кандай чара көрбөй, убагында маалымат топтобой, маселени кабыргасынан койбой, түздөн-түз саботаж кылышкан. Мына азыр Гуревич айтып жатат: “2015-жылы прокурорлор келип кеткен, мен баарын айтып бергем” – деп. Ошол эле Бакиевдердин кадры Индира Жолдубаева бут тоскон тергөөгө. Атамбаевдин шоопуру дагы катышкан көз жумууга. Билбейбизби биз муну? Чет элдик дипломаттар жана саясатчы, журналисттер башын мыкчып таң калышкан. “Атамбаевге күн сайын кирсек Максимди каргайт, бизден талап кылат, биз бирдеме кылалы десек кол алдындагылары кайра бизге каршы иштейт”-деп. Мен билбейм азыр кандай болоорун, бирок мурунку президенттин эки жүздүүлүгүн мен ушунусунан эле көрүп түңүлгөм.

Мирлан Алымбаев

Булак: «Фабула»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: