Menu

Фото – Сооронбай Жээнбеков менен Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту жана басма сөз өкүлдөрү үчүн билдирүү жасашты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти менен  Венгрия Премьер-министри бүгүн, 4-сентябрда  Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Виктор Орбандын Кыргызстанга расмий визитинин алкагында, эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыктары боюнча  Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул туралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Визиттин жыйынтыктары боюнча эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлиги ортосундагы туризм чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюшту.
Сооронбай Жээнбеков жана Виктор Орбан жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасашты.
«Орбан мырза жана тектеш Венгрия мамлекетинин делегация мүчөлөрү менен жолугушуу кыргыз элине жылуу сезимдерди тартуулады, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков. — Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Саммитине жана Үчүнчү дүйнөлүк көчмөндөр оюдарынын ачылыш аземине катышкандыгы үчүн урматтуу Орбан мырзага чын дилимден ыраазычылык билдирем».
Мамлекет башчысы Кыргызстанга визиттин жүрүшүндөгү натыйжалуу сүйлөшүүлөр жана конструктивдүү диалог үчүн Виктор Орбанга ыраазычылык билдирди. «Биз эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер боюнча кеӊири талкууларды өткөрдүк. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр байланыштарды чыӊдоого, элдерибиздин карым-катнашын жакындатууга, экономика чөйрөсүндөгү эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеӊейтүүгө багытталды», — деп белгиледи ал.
«Биз эки өлкөнүн ортосунда саясий диалогду, парламенттер аралык кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдаштык. Өзүнчө бөлүп, өзгөчө басым менен белгилей турган жагдай — биз соода-экономикалык чөйрөдө кызматташууну тездетүү жана кеӊейтүү боюнча орток пикирге келдик», — деп белгиледи Президент.
Бул багытта ортобузда зор потенциал бар экени белгиленди, ал эми сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары бизнес чөйрөсүндөгү карым-катнаштарды өнүктүрүүгө зор импульс берет.
Президент Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, бул максаттарда соода-экономика жаатында кыргыз-венгер өкмөттөр аралык биргелешкен комиссия түзүлүп, ишкерлерге биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. «Энергетика, туризм, айыл чарба, кайра иштетүү жана текстиль өндүрүшү жана транспорт тармактарында кызматташуунун келечеги кең», — деп белгилеп, Мамлекет башчысы венгриялык ишкерлерди Кыргызстандын экономикасына инвестиция салуу жана биздин өлкөдө бизнес жасоо мүмкүнчүлүктөрүн кароого чакырды.
Ал ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында жеңилдетилген кредиттик линияны ачуу боюнча Венгрия тараптын сунушу талкууланганын белгиледи.
Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык чөйрөдө да кызматташуунун маанисин баса белгиледи. «Биз Венгриянын жогорку окуу жайларында окууга берилүүчү стипендиялардын санын көбөйтүүнү пландап жаткандыгы үчүн Венгрия Өкмөтүнө ыраазычылык билдиребиз. Биргелешкен маданий иш-чараларды жана Маданият күндөрүн өткөрүүнү колдойбуз. Ушул күндөрү венгриялык спортчулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууда», — деп белгиледи ал.
Андан тышкары, Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жогорку жана сапаттуу деӊгээлге чыгарууга даяр экенин баса белгиледи. «Биз Европа союзу, Бириккен Улуттар Уюму жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча эл аралык уюмдардын алкагында диалогду дайыма колдоого умтулабыз. Биздин мамилелер мындан ары дагы өз ара урматтоонун жана ишенимдин негизинде өнүгөт деп ишенем», — деди Президент.
Ал Венгрияны Түрк тилдүү мамлекеттеркызматташтыгынын кеңешинде байкоочу статусун алышы менен куттуктады. «Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында биз Биргелешкен билдирүү кабыл алдык жана ал эки өлкөнүн ортосундагы кеңири кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жардам берет деп терең ишенем», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан ал Кыргызстанга визит менен келген Венгриянын алгачкы Премьер-министри экенине канааттангандыгын билдирди.
«Көп маселелер боюнча биздин өлкөлөрдүн позициясы окшош. Венгрия өзүнүн тегин урматтайт жана өзүнүн кайдан келип чыкканы тууралуу маалыматты эч убакта эстен чыгарбайт.  Биз өзүбүздүн тарыхыбызга, географиялык жана маданий тамырыбызга камкордук көрөбүз. Ошондуктан венгрлер өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын жогору баалайт. Биз 10 млн калкпыз, биз да, Кыргызстан сыяктуу эле өзүбүздүн эгемендигибизди сактагыбыз келет», — деп баса белгиледи  Виктор Орбан.
Ал Кыргызстанга келип-кетүүгө чакырганы үчүн Президент Сооронбай Жээнбековго  дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: