Menu

Бүгүн КР Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев менен Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри П.Сийярто жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 4-сентябрда Венгриянын Премьер-министри В.Орбандын Кыргыз Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Э.Абдылдаевдин Венгриянын тышкы иштер жана соода министри П.Сийярто менен жолугушуусу болду.

Жолгушуу учурунда кыргыз-венгр кызматташуу маселелери жана ошондой эле эл аралык маселелер боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду.

Министр Э.Абдылдаев эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду бекемдөө жана айыл-чарбасы, туризм, билим берүү жана илим, каржы жана экономика сыяктуу өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кош тараптуу кызматташууну кеңейтүү керектигин белгиледи.

Министр П.Сийярто эки өлкөнүн ортосундагы ийгиликтүү кызматташууну баса белгиледи жана венгрия тарабынын Кыргызстан менен мындан ары жигердүү кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Тараптар Венгриянын Премьер-министри В.Орбандын Кыргызстанга жасаган расмий сапары учурунда эки өлкөнүн башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашуулардын натыйжасында алдыга коюлган милдеттерди иш жүзүнө ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун соңунда Венгриянын Тышкы иштер жана соода министри П.Сийяртого Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ведомстволук медалы ыйгарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: