Menu

Өзбекстанда тилемчилик кылгандар жоопкерчиликке тартыла баштайт

Бөлүшүү:

Өзбекстанда тилемчилик кылгандар жана майыптар менен кары адамдарды пайдаланып мындай «мыйзамсыз бизнес» жүргүзгөндөр жоопко тартыла баштайт. Бул тууралуу нормативдик-укуктук актылар талкуулана турган порталга жарыяланган документте жазылган.

«Аэропорттордо, автобекеттерде, сейил бактарында, базарларда жана соода комплекстеринин аймактарында тилемчилик кылгандар 360 сааттык коомдук жумуш аткаруу же бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланат» – деп айтылат документте.

Мындан тышкары тилемчилик үчүн эрезеге жете элек балдарды, карыларды, майыптыгы бар жана психикалык жактан оорулуу адамдарды пайдалануу үчүн 480 саат коомдук жумуштарды аткаруу же үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: